Кусейин Мухтаров

Википедия дан
Мухтаров, Кусейин‎»‎ барагынан багытталды)

Мухтаров Кусейин (1938-жылы т., Чүй району, Кеңбулуң айылы - 5.3.2001) – опера ырчысы (бас). Кыргыз ССР эл артисти (1973), СССР эл артисти (1984).
1964-жылы П. И. Чайковский атындагы Москва консерваториясын бүткөн. Ошондон бери А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекет опера жана балет театрында солист.
Көрүнүктүү партиялары: Манас, Коңурбай, Ады, Чыңкожо ( В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Манас», «Алтын кыз», «Айчүрөк» опералары), Семён, Балбай, Кулжыгач (М. Абдраев, «Токтогул», «Бороон алдында», «Олжобай менен Кишимжан» опералары), Борис Годунов (М. П. Мусоргский «Борис Годунов»), Дон Базилио (Ж. Россини «Севилдик чач тарач»), Лепорелло (В. Моцарт «Дон Жуан»), Мефистофель (А. Байто, «Мефистофель»), Мефистофель (Ш. Гуно, «Фауст»), Тейитбек (Н. Давлесов, «Курманбек») жана башкалар. Мухтаров опералык репертуар менен бирге вокалдык чыгармалардын классикалык үлгүлөрүн жараткан да ырчы.
Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон.
Эл достугу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]