Навои Мир Алишер
Jump to navigation
Jump to search
Навои Мир Алишер (1441–1501) – орто кылымдардагы өзбек акыны, ойчулу, мамлекеттик ишмери. Чыгарманын түркий жана фарсы тилдеринде жазган. Түндүк Ооганстандын аймагындагы Герат шаарында жашаган. Султан Хусейин Байкаранын вазири болгон. Анын «Сопулардын дүрбөлөңү», «Лайли менен Мажнун», «Фархад менен Ширин», «Жети саякатчы» (б. а. «Планета»), «Искендер тосмосу» сыяктуу поэмаларынан турган «Хамса» («Бешилтик») чыгармасы бар. Наваинин чыгармаларында түрк элдерине тиешелүү бир катар тарыхый маалыматтар берилген.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003