Ныязбек Эсенгул уулу

Википедия дан

Ныязбек Эсенгул уулу (болжолу 1760—1843) — сарыбагыш уруусунун ири манабы.
Атасы Эсенгул баатыр түндүк кыргыздарынын саясий турмушунда чоң таасирлүү инсан болгон. Ныязбек бүткүл сарыбагыш уруусун бийлеп өтө бай жана даңктуу манап катары атагы чыккан. Анын он уулу болуп, байбичесинин сегиз уулу "Ныязбектин сегиз бек" деген атак алышып, бардыгы эл башкарышкан. Алардын ичинен бир уулу Ормон кыргызга хан көтөрүлгөн.
Фольклордук маалымат боюнча Ныязбек 1843-ж. өлүп, сөөгү Чоң-Кеминге коюлган. Анын күмбөзү "Ныязбек коргон" деген ат менен белгилүү. Ныязбек жөнүндө "Ныязбектин көп жылкы" сыяктуу элдик күү ырлар жана көптөгөн аңыз сөздөр айтылып, "Ныязбек эли", "Ныязбек болуштугу" жана башка аталыштар кездешет.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.