Октябрь революциясы

Википедия дан
Октябрь революциясы (1917)‎»‎ барагынан багытталды)
Орусия Орусиянын тарыхы

Чыгыш славяндары, русь эли
Байыркы орус мамлекети (IXXIII кк.)
Удельдүү Русь (XIIXVI кк.); (бириктирүү)

Новгород республикасы (11361478)

Владимир Княздыгы (11571389)

Литва жана Орус Княздыгы (12361795)

Москва Княздыгы (12631547)

Орусия Падышалыгы (15471721)
Орусия Империясы (17211917)
Орусия Республикасы (1917)
Орусия Падышалыгы (19181920)
Советтик Орусия (19171922)
ССРС (19221991)
Орусия Федерациясы (1991-жылдан тарта)

Октябрь төңкөрүшү - 1917-ж. февралда Орусияда буржуазиялык-демократиялык төңкөрүш жеңип, эски мамлекеттик жүйө кулаган, бирок өлкө терең кризистик абалда калган. Экономикалык бүлүнүү күчөгөн. Мурунку социалдык-экономикалык проблемаларга: согуш жана тынчтык, жумушчу, агрардык жана улут маселелери, бийлик, мамлекеттин келечектеги түзүлүшү жана кризистен чыгуунун жолдору ж. б. кошулган. Февралдан октябрга чейинки Орусиянын тарыхындагы өзгөчө учур болуп эсептелинип, эки этапка бөлүнөт. Биринчи (1917-ж. март-июлдун башы) кош бийлик мезгили, Убактылуу өкмөт өзүнүн иш-аракеттерин Петроград Кеңеши менен макулдашып аткарып, эл массасынын кеңири колдоосуна ээ болгон.

Петроград Кеңеши (1917).

Экинчи этапта (1917-ж. июль – 25-октябрь) кош бийлик жоюлган. Убактылуу өкмөттүн бирдиктүү бийлиги орноп, ал либералдар (кадеттер), социалисттер (эсер, меньшевиктер) менен коалиция түзгөн. Бирок бул саясий альянс коомду консолидациялоого жеткире алган эмес. Өлкөдө социалдык чыңалуу курчуган. Монархисттер жана оңчул бурж. партиялар өлкөдө согуштук диктатуранын орношун кубатташкан. Солчул большевиктер саясий бийликти басып алууга аракеттенип, «Бүткүл бийлик Кеңештерге!» деген ураан астында, саясий бийликти күч менен басып алуу даярдыгын көрө баштаган. РСДРП (б) БКнын 10-октябрдагы отуруму куралдуу көтөрүлүш жөнүндө резолюция кабыл алган. Бул чечимге БКнын мүчөлөрү Л. Б. Каменев жана Г. Е. Зиновьев каршы болушкан. Алар куралдуу көтөрүлүшкө чыгуу али эрте, келечектеги уюмдаштыруу чогулушуна большевиктердин таасирин күчөтүүнүн үстүнөн иштөө керек дешкен. В. И. Ленин болсо токтоосуз саясий бийликти куралдуу көтөрүлүш аркылуу алуу талабы менен чыгып, бул сунуш колдоого ээ болгон. 12-октябрда Петроград Кеңеши, Аскердик-төңкөрүштүк комитет (АРК) түзүлүп, төрагалыгына Л. Д. Троцкий дайындалган. АРК Советтерди аскердик төңкөрүштөн жана Петроградды немистик оккупациядан сактоо максатында түзүлгөнү менен, иш жүзүндө куралдуу көтөрүлүштү даярдоочу борборго айланган. Убактылуу өкмөт большевиктерге каршы турууга аракеттенген. Бирок алардын аброю коомчулукта төмөн болгондуктан, элден колдоо тапкан эмес. Петроград гарнизону АРК тарапка өтүп кеткен. 24-октябрда солдаттар жана матростор, жумушчу-кызыл гвардиячылар шаардагы негизги административдик мекемелерди ээлей баштаган. 24-октябрда өкмөт Кышкы сарайда курчоодо калган. Түндүк фронттон кошумча аскер күчтөрдү алып келүү үчүн А. Ф. Керенский эртең менен Петрограддан чыгып кеткен. 25-октябрда АРК «Орусия жарандарына» деген кайрылуу менен чыккан. Кайрылууда Убактылуу өкмөт кулатылып, бийлик петрограддык АРКга өткөндүгү айтылган. 25-октябрда кечке жуук Кеңештердин II Жалпы россиялык съезди өз ишин баштап, 26-октябрга караган түнү Кышкы сарайда Убактылуу өкмөттүн министрлери камакка алынган. 26-октябрда кечинде съезд бир добуштан «Тынчтык жөнүндө декрет» кабыл алып, бардык согушуп жаткан өлкөлөрдү аннексиясыз жана контрибуциясыз демократиялык тынчтыкты түзүүгө чакырган. Чакырыкта падыша жана Убактылуу өкмөт тарабынан кол коюлган жашыруун, дипломатиялык, дагы ушул сыяктуу келишимдерден баш тартуу жагы каралган. 26–27-октябрга караган түнү «Жер жөнүндө декрет» кабыл алынган. Декрет дыйкандардын талаптарын эске алуу менен агрардык маселени чечүүдө эсердик программага таянган. Жерге болгон жеке менчикти жоюу, бүткүл жер жана анын кен байлыктарын улутташтыруу маселеси каралган. Помещиктердин жана ири жер ээлөөчүлөрдүн жерлери конфискацияланып, жер жергиликтүү дыйкандар комитетине жана уезддик дыйкандар депутаттар советине өткөрүлүп берилген. Жерди иштетүүдө жалданма эмгекти пайдаланууга жана жерди ижарага алууга тыюу салынган. Бардык оппозициячыл басма органдары жабылган; Жарыяга мамлекеттик монополия киргизилген; басма сөз трибуналы түзүлгөн. Орусияда улуттардын өз алдынчалыгы, өз тагдырын өзү чечүүсү таанылган; сословиелик катмарлар, мамлекеттик чиндер менен наамдар жоюлган; губерниялык жана шаардык кеңештерде төңкөрүшчүл трибуналдар түзүлгөн; ишканаларда өндүрүшкө жумушчу контролу киргизилген; саботаж, кызыл кулак жана контртөңкөрүш менен күрөшүү боюнча Бүткүл орусиялык атайын комиссия (ВЧК) түзүлгөн; православие чиркөөсү мамлекеттен, мектеп чиркөөдөн бөлүнгөн. Съездде бир партиядан турган большевиктик өкмөт – ЭКС түзүлүп, солчул эсерлер өкмөттүн курамына кирүүдөн баш тартышкан. Биринчи кеңеш өкмөтүн В. И. Ленин жетектеген. Съезде Жалпы орусиялык Борбордук аткомунун (ЖБАК) жаңы курамы шайланып, Октябрь төңкөрүшү жеңиш менен аяктаган. Тарыхчы-большевиктер аны Улуу Октябрь Социалисттик төңкөрүшү деп атаган. 1917-ж Октябрь төңкөрүшүнүн натыйжасында өлкөнүн мамлекеттик, саясий, идеологиялык, коомдук-экономикалык түзүлүшү түп-тамыры менен өзгөрүп, капитализм жоюлган жана социалистик коом түзүлгөн. Ошондой эле Октябрь төңкүрөшү эл аралык мамилелер жүйөсүнө терең өзгөртүү киргизип, дүйнөдө төңкүрөшчүл процесске жана улуттук-боштондук кыймылдын өнүгүүсүнө түрткү берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]