Олег Бондаренко

Википедия дан

Олег Ярославович Бондаренко (1960 - 2023, 4 апрель) -- жазуучу, «Кыргызстандын жаңы адабияты» долбоорунун башкы редактору, автору жана координатору, 2010-жылдан бери - Кыргызстандын китеп чыгаруу жана таркатуу ассоциациясынын аткаруучу директору.

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1960-жылы Украинанын батышындагы Черновцы шаарында төрөлүп, Украинанын чыгышындагы Донецкте чоңойгон.1982-жылы Донецк мамлекеттик университетин каржы жана кредит адистиги боюнча бүтүргөн. СССР Мамлекеттик банкынын Курил аралдары боюнча бөлүм башчысы болуп иштеген, андан кийин "материкке" кайтып келген. Москва шаарында жашап, 1992-жылдан бери Бишкек шаарында туруктуу жашайт. Кыргызстанда радио, гезиттер менен кызматташып, мугалим, бир катар жеке ишканалардын жетекчиси болуп иштеген. 2008-жылы «Кыргызстандын жаңы адабияты» долбоорун ишке киргизген.

2023-жылдын 4-апрелинде журналист жана жазуучу Алексей Торк Фейсбукта: "Олег Бондаренко дүйнөдөн кайтты. Кыргыз, украин жазуучусу. Бишкек убактысы боюнча саат 14:55те. Рак оорусу менен бир жылдык күрөшүү арта калды. Аны менен Олег укмуштай кайраттуулук менен күрөштүү" деп жазган.

«Олег өлкөбүздө адабиятка, китеп басып чыгарууга көп эмгек сарптаган Кыргызстандын жараны катары каза болду. Олег Бондаренконун “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты жазуучулардын чыгармаларынын казынасы болуп, кыргыз жазуучуларын дүйнөгө ачып берди», — деп профессор Бахтияр Койчуев ошол эле күнү Фейсбукта жазган

«Кыргызстандын жаңы адабияты»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул Кыргызстандын авторлорунун чыгармаларынын электрондук китепканасы. Жалпысынан сайтта ар кандай жанрдагы 2642 эмгек бар.

“Кыргызстандын жаңы адабияты” – заманбап ата мекендик авторлорду колдоо максатында иштелип чыккан интернет-ресурс. Бул жерде биз азыркы жана мурдагы мекендештерибиздин да эмгектерин жайгаштырабыз. Кыргызстанга руханий жактан жакын чет элдик авторлордун чыгармалары да бар. Бардык чыгармалар акысыз, автордук сый акысыз басылып чыгат. Бул долбоорго авторлор өз ыктыяры менен катышат.Ошол эле учурда автордук укук бузулбашы керек; редакция авторлордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана иштейт" [1]

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Неизвестные Курилы. – М: ВТИ-Дейта Пресс, 1992
  2. Философия выживания этноса. – Б: Илим, 1998
  3. Уровневая физика. Что это? – Б: Салам, 2005
  4. Реклама: чего мы о ней не знаем. – Б: Салам, 2005
  5. Треугольник продвижения. – М: Авваллон, 2007
  6. Жизнь. Эволюция. Панволюция. — Б.: Илим, 2009
  7. Одни: Сборник произведений. — Б.: Турар, 2014
  8. Самолет-призрак: Сборник авиарассказов. — Турар, 2016
  9. Звёзды и призраки: Сборник рассказов. — Турар, 2017

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жазуучу Олег Бондаренко дүйнөдөн кайтты. 4-апрель, 2023, azzattyk // https://www.azattyk.org/a/32348923.html Бакай Алмаз. Кыргызстандык жазуучу Олег Бондаренко көз жумду.4-апрель, 2023, kloop.asia// https://ky.kloop.asia/2023/04/04/kyrgyzstandyk-zhazuuchu-oleg-bondarenko-k-z-zhumdu/. Мария Орлова. Скончался глава Ассоциации издателей и книгораспространителей Олег Бондаренко. 04 апреля 2023, Бишкек -24.kg//https://24.kg/obschestvo/262481_skonchalsya_glava_assotsiatsii_izdateley_iknigorasprostraniteley_oleg_bondarenko/

Олег Бондаренко. Долбоор жөнүндө. 27-сентябрь, 2008-жыл //http://www.literatura.kg/about/

Олег Ярославович Бондоренко//http://www.literatura.kg/persons/?aid=24

Олег Ярославович Бондаренко. Кыргыз китебин кантип өлтүрүп атышат: цифралар жана фактылар//http://www.literatura.kg/articles/?aid=1645

Олег Бондаренко.Начало. К годовщине смерти Тилека Мураталиева. 2022-жылдын 20-августу//https://mnenie.akipress.org/unews/un_post:24822

Марина Мирошник. Скончался писатель Олег Бондаренко. 4-апрель, 2023-жыл, kaktus.media//https://kaktus.media/doc/478410_skonchalsia_pisatel_oleg_bondarenko.html

Жазуучу Олег Бондаренко дүйнөдөн кайтты. 5-ппрель, 2023, ПолитКлиника//https://pk.kg/news/inner/zhazuuchu-oleg-bondarenko-d-jn-d-n-kajtty/