Омограф

Википедия дан
Омографтар‎»‎ барагынан багытталды)

Омограф (грек. homos – бирдей, grapho – жазам) – бирдей жазылып, бирок айтылышы жагынан бири-биринен айырмаланган жана маанилик жактан эч кандай байланышсыз сөздөр.

Мындай сөздөр бир тилдин өзүнүн ички нукура сөзү менен башка чет тилден өздөштүрүлгөн сөздөрдүн ортосундагы бирдей жазылышты, бирок ар башка айтылышты көрсөтөт: бак (дарак) – кыргыздын сөзү, бак (машинанын багы) – орустун сөзү; ток (курсагы) – кыргыз сөзү, ток (зым) – орус сөзү; кабак (каш) – кыргыз сөзү, кабак (кафе) – орус сөзү.

Омографтар – жазылышы бирдей, бирок айтылышы боюнча айырмаланган сөздөр. Мисалы, ток – курсак ток, ток – электр тогу, бак – дарак, бак – бала бак ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4