Орке, Ош шаары
Көрүнүш
(«Орке, Ош облусу» барагынан багытталды)
Орке (лат. кыр. Orke) – Ош облусундагы кыштак. Ош шаар кеңешине карайт. Облустун борбору Ош шаарынан 8 км батыш тарапта. Калкы 5000 (2010); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, жашылча өстүрөт. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары ж. б. иштейт. Кыштакта Советтик Союздун Баатыры Ч. Түлөбердиевге эстелик тургузулган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7