Сатылган Осмонов

Википедия дан
Осмонов Сатылган‎»‎ барагынан багытталды)

Осмонов Сатылган (1938-ж. т., Чүй району) - композитор. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1990). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2019).

  • 1962-ж. Фрунзедеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын теория-композитордук бөлүмүн бүтүргөн. Композитор М. Абдраевдин жана В. Янковскийдин жардамы аркасында туңгуч фортепъяно, скрипка үчүн пьесаларды жазган.
  • 1970-ж. Ташкен мамлекеттик консерваториясынын композитордук факультетин бүтүргөн.
  • Осмонов музыкалык искусствонун көптөгөн жанрларында эмгектенген.
  • «Кычан», «Сепил», «Жусуп Баласагын» операларынын, «Куудул Шаршен» музыкалык комедиясынын, «Ак Мөөр» симфониясынын, симфониялык поэмалардын, скрипка жана оркестр үчүн № 1 (1970), № 2 (1984) концерттердин, виолончель жана оркестр үчүн концерт-рапсодиянын (1973), үн жана оркестр үчүн концерттердин автору.

Көптөгөн камералык-аспаптык чыгармаларды да жазган. Алар: фортепьяно үчүн сонатина (1966), баллада (1980), вариация (1993), скрипка жана фортепьяно үчүн соната (1968), балдар үчүн пьесалар.

40тай романстардын, 100дөй ырлардын, хорлордун автору.

А. Малдыбаев атындагы сыйлыктын туңгуч лауреаты (1989, «Сепил» операсы үчүн). «Романстар» (1977), «Ильич элеси» (1987) аттуу ырлар, романстар жыйнактары жарык көргөн. «Ардак Белгиси» ордени, республиканын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.