Отунчиев Элүүбай

Википедия дан

ОТУНЧИЕВ ЭЛҮҮБАЙ

Жазуучу Элүүбай Отунчиев Киров районуна караштуу Чимкент айылында 1939-жылы 15-ноябрда туулган.
Э.Отунчиев 1956-жылы орто мектепти бүтүрүп колхоздо иштеген.
1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктап, 1963–1965-жж. Аламүдүн, Киров райондорундагы райондук комсомол комитеттеринин аппараттарында иштейт.
1965-жылдан Киров райондук «Октябрь таңы» аттуу гезитте адабий кызматкер, редактордун орунбасары, 1977–1979-жж. Москвада СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Адабий Жогорку курстан окуган.
Э.Отунчиев 1954-жылдан райондук гезитке кабар жаза баштайт. 1959-жылдан баштап аңгеме жазууга өтөт. «Баткан күн чыгат» деген биринчи повести 1969-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан.
Э.Отунчиевдин чыгармалары орус тилинде да чыккан.
Ал У.Фолкнердин аңгемелерин кыргызчага которгон.
1975-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Баткан күн чыгат: Повесть. - Ф.: Мектеп, 1969. - 87 б.

Сергек өмүрлөр. - Ф.: Кыргызстан, 1970. - 118 б.

Бир тоголок дан. -Ф.: Мектеп, 1972.- 96б.

Алтын казык. - Ф.: Кыргызстан, 1975.- 188 б.