Папоротниктер

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Cyrtomium falcatum.

Папоротниктер (лат. Polypodiophyta) – татаал түзүлүштүү уруксуз өсүмдүктөрдүн бөлүмү. Чөп же дарак сымал, кургакта жана сууда өсүүчү өсүмдүктөр. Риниофиттер менен жылаңач уруктуулардын ортосунда болуп, Папоротниктер риниофиттерден келип чыккан. Аларга жыныстык (гаметофит) жана жыныссыз (спорофит) муун алмашуу мүнөздүү. Көпчүлүк Папоротниктердин ксилемасы трахеидден турат. Сабагынын бийиктиги бир нече лшден 20- 25 мге жетип, жердин асты же үстүндө бутактанып же бутактанбай, тик же буралып өсөт. Бир нече ирет канаттай тилкелүү жалбырагы татаал, өтө чоң, узундугу 5-6 (30) .иге жетет; кээсинин жалбырагы үлүлдөй буралган. Папоротниктердин жалбырагы фотосинтез кызматын, ошондой эле спорангийлери жалбырагында калыптанып көбөйүү кызматын да аткарат. Айрым Папоротниктердин споралык жана вегетациялык жалбырактары өз алдынча өөрчүйт. Папоротниктерге майда, сырты бир катмарлуу, аз споралуу спорангийлер мүнөздүү. Көпчүлүк Папоротниктер бирдей споралуу. Спорасы өсүп жетилгенде эки жыныстуу гаметофитти – архегонийди жана антеридииди пайда кылат. Эволюциялык өөрчүдөн кийин ар кыл споралуу Папоротниктер пайда болгон, алардын споралары микроспорага жана мегаспорага бөлүнөт. Микроспорадан аталык гаметофит, ал эми мегаспорадан энелик гаметофит пайда болот. Папоротниктер вегатация жолу менен тамыр-сабак аркылуу, ошондой эле жалбыракта пайда болуучу көбөйгүч бүчүрлөр аркылуу көбөйөт. Папоротниктер бөлүмү 1 класеты, 8 классчаны, 300дөн ашуун урууну, 2 000 түрдү камтыйт. Алар Жер шарынын бардык материктеринде токой, бадал арасында, сууда, көлмөлөрдө, саздак жерлерде, нымдуу шалбааларда өсөт. Кыргызстанда Папоротниктердин 3 тукумга кирген 9 уруусунун 20га жакын түрү кездешет. Папоротниктердин айрым түрлөрү (энелик жана аталык Папоротниктер) медицинада ичегидеги мите курттарды жоготуу үчүн кеңири колдонулат. Кооздук үчүн үйдө жана гүлзарларда атайын өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]