Мазмунга өтүү

Пиросманишвили, Нико

Википедия дан
Пиросмани Николай Асланович‎»‎ барагынан багытталды)

Пиросманишвили, Нико (Николай Асланович) (болжол менен 1862-ж., азыркы Цителцкара району – 1918, Тбилиси) – грузин сүрөтчүсү. Сүрөтчүлүктү өз алдынча үйрөнгөн. Примитивизмдин өкүлү. Тбилисиликтердин тиричилигин чагылдырган картиналарды, натюрмортторду, пейзаждарды тарткан. П. дүйнөнү мажес-поэтикалуу кабылдап, кейипкерлеринин ички дүйнөсү драмалуу, тышкы көрүнүшү токтоо, романтикалуу чыгармаларды жараткан. Көрүнүктүү чыгармалары: “Натюрморт”, “Үч княздын мастыгы”, “Короо шыпыруучу” (ГССРинин искусство музейи, Тбилиси), “Аска арасындагы балыкчы” (Третьяков галереясы) жана башкалар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]