Википедия:Портал:Ислам/Тандалган макала

Википедия дан

Аллах (араб. الله Звук [ʔalˤːɑːh], Алла Таала ) - бардык бүтүндөй нерселердин жаратуучусу жана башкаруучусу, б.а. Кудай, Жараткан десе да болот. Андан башка эч ким мындай сапатка ээ эмес. Аллахтын тең келүүчүсү жок жана бул Анын абсолюттук жалгыз экендигин түшүндүрөт.

..."Аллах" ысмы "Аль" артиклинен жана "Илях" сөзүнөн түзүлүп, "бардыгы ага сыйынган зат", "сыйынууга татыктуу" деген маанини камтыйт. Белгилей кетүүчү нерсе; Аллах сөзүнүн көптүк сандагы формасы жок жана ар дайым жекелик санда гана айтылат. ..."Аллах" (Аль-Илях) сөзү азыркы арабдар менен еврейлердин түпкү теги болгон байыркы семиттерге эле белгилүү болгон.

...Бир жагынан жаратылышка жана жаралуунун маңызына байкоо салуу, башка жагынан болмуштун маңызына ой жүгүртүү байыркы философторго тиешелүү болгон. Буга мисал катары Фалес, Анаксимандр, Анаксимен ж.б. ойчулдарды келтирүүгө болот... ...Ибрахим философиялык кыйын системаларды түзгөн эмес, бирок, антсе да анын ааламдын башсебеби тууралуу суроосуна болгон ыкмасынын жөнөкөйлүгү, аны улуу ойго (идеяга) алып келди. Дал ушул көз карашка, бардык ой жортмолорду жана байыркы философтордун теорияларын ашып өтүп, дүйнөнүн көпчүлүк элдеринин эң кең массасынын энчиси болууга буюрулган эле...

...Кудайдан келген пайгамбарлардын жалпы саны бир топко чейин барат, бирок Куранда 25 гана пайгамбардын аты аталат.

...Аллахтын Өзү жараткан жарытылыштан айырмасы, Анын эч ким тарабанан жаратылган эместигинде. ...Бутпарастык, ырым-жырымдар, жаратылган табигый кубулуштар менен мифтик персонаждардан коркуу жана сыйынуу Аллах кечирбес эң оор күнөөлөр болуп саналат. Бирок адамдын чын ниеттен өкүнүүсү болгон кезде Аллах аны кечирет.

...Мухаммед пайгамбар: «Аллахтын токсон тогуз аты бар. Ким алардын баарын атап чыкса, Бейишке кирет».

(Толугураак окуу)