Константин Рокоссовский

Википедия дан
Рокоссовский Константин Константинович‎»‎ барагынан багытталды)

Рокоссовский Константин Константинович 9 (21) 12. 1896, Россия империясы, Варшава шаары – 3. 8. 1968, СССР, Москва) – советтик аскер начальниги, Советтер Союзунун маршалы (1944), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1944, 1945), Польша Эл Республикасынын маршалы (1949). 1914-жылдан армияда. Биринчи дүйнөлүк согушка (1914–18) катышкан. 1917-ж. Кызыл Армияга кирген. Жарандык согушта (1918–20) эскадронго, дивизионго, полкко командир болгон. Атчан командирлер курамынын (1925) жана М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясындагы жогорку начальниктик курамдын билимин өркүндөтүү курсун (1929) бүтүргөн. Монголиядагы атчандар дивизиясында инструктор (1926–28), 7-Самара атчандар дивизиясынын командири (1930–32), 15-Кубань атчандар дивизиясында (1932–35) командир-комиссар кызматын аткарган. 1935-ж. дивизия командири наамын алып, 1936-ж. Псков атчандар корпусунун командирлигине дайындалган. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) корпуска, армияга жана фронтторго (Брянск, Дон, Борбордук Белорус, 1-Белорус) командачы. Анын командасындагы аскерлер Москва жанындагы, Сталинград, Курск салгылаштарына, Берлинди алууга ж. б. операцияларга катышкан. 1945-ж. 24-июнда Москвада Жеңиш парадын башкарган. 1945–49-жылдары Түндүк аскерлер тобунун башкы командачысы, 1949–56-жылдары Польша Эл Республикасынын улуттук коргоо министри жана Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, 1956–68-жылдары СССР Коргоо министрлигинде жооптуу кызматтарда иштеген. СССР Жогорку Советинин (2-, 5-7-шайланышы) депутаты. Жети Ленин, Жеңиш, алты Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов жана Кутузов ордендери, ошондой эле чет өлкөлүк бир нече ордендер менен сыйланган. Сөөгү Кызыл Аянттагы Кремль дубалына коюлган. Ысмы РФ, Украина, Беларуссия шаарларынын көчөлөрүнө жана Благовещенск шаарындагы (Амур облустук) аскер институтуна ыйгарылган. Эмг.: Рокоссовский К. К. Солдатский долг. М., 1988. Полководцы Великой Отечественной. М., 1997.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]