Садыбакасов, Ильяс

Википедия дан
Садыбакасов Ильяс‎»‎ барагынан багытталды)

Садыбакасов Ильяс (1934-жылы туулган, азыркы Чүй облусу, Ысык-Ата району, Сынташ айылы) - геолог, геол.-минералогия илимдеринин доктору (1990). ФПИни бүткөн (1956). 1956-62-жылдары Кыргызстан геол. башкармасында геолог, 1962-75-жылдары КР ИАнын Геология институтунда кенже, улук илимий кызматкер, 1975—91-жылы Сейсмология институтундаулук жана жетектөөчү илимий кызматкер (1992), Геология институтунда лабор. башчысы. Садыбакасов - геология илиминин бир тармагы - неотектоника боюнча ири адис. Садыбакасовдун илимий эмгектери негизинен Бийик Азиянын неотектон. структураларынын пайда болуу механизминин теор. аспектилерин иштеп чыгууга, шаарларды, шаарчаларды жана башка ири конуштарда микрорайондоштурууга, гидротехникалык курулмалар жайгаштырылчу жерлерди оптималдуу тандоого жана башка эл чарбасынын практикалык маселелерине арналган. Садыбакасовдун 70тен ашуун илимий эмгеги (анын ичинде 6 монография) бар.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Неотектоника центральной части Тянь-Шаня. Ф., 1972;
  • Неотектоника высокой Азии. М., 1990.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]