Сайипжамал Сакиева
Бул макалага шайкеш категориялар кошулган эмес. Сиз категорияларды таап, же жаңы ачып макалага кошуп, долбоорго жардам бере аласыз.
|
Бул макалада грамматикалык, орфографиялык же пунктуациялык каталар бар. |
Көңүл буруңуз! бул макалада булактар жок, сиз булактарды кошуп макаланы жакшыртууга жардам бере аласыз |
{{Персона}} - калыбын колдонуу керек
Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Сакиева Сайипжамал Салайдиновна 1960-жылы 11-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Кыргоо айылында туулган. Улуту - кыргыз. 1976-жылы өз айылында Жумалы атындагы орто мектепти аяктаган. 1982-ж. Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун педагогикалык факультетинин башталгыч класстын мугалими адистигин бүтүргөн. Базар-Коргон районунун М.Мамбеталиев, К.Сооронбаев орто мектептеринде башталгыч классынын мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы. Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү секторунун кенже илимий кызматкери. Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун күндүзгү бөлүмүнүн аспиранты. Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү секторунун кенже илимий кызматкери болуп иштеген..1994-2000-ж.ж. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика жана психология кафедрасынын улук окутуучусу, доценти.
2000-2023-ж.ж.Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы”, “Педагогика”, “Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы”, "Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары" кафедраларынын башчысы. 2013-2020-жылдарда докторлук (кандидаттык) диссертацияларды жактоо боюнча кеңештин мүчөсү ( 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы). 2015-ж. Кыргыз педагогдор коомунун мүчөсү.
Үй-бүлөлүү, бир балалуу (бир уулу бар). Уулу Асылбек. Экономика боюнча адис.
Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1992-жылы жактаган кандидаттык диссертациясынын темасы: «Окуу сабагында сөздүк жумушун жүргүзүүнү өркүндөтүү (3-класстын материалынын негизинде)».2013-жылы жактаган педагогика илимдеринин доктору даражасы боюнча диссертациясынын темасы: “Башталгыч мектепте адабий окууга үйрөтүүнүн педагогикалык негиздери”.190го жакын илимий эмгектерди жарыялаган. Анын ичинде 2 монография, 8 ЖОЖдор үчүн окуу китептери жана окуу-методикалык куралдары бар. 2017-жылы Педагогика багыты боюнча профессор наамы ыйгарылган. 2018-жылы Россия Фдереациясынын Табигый билимдер академиясынын вице-корреспонденти. 2020-жылы Россия Федерациясынын Табигый билимдер академиясынын академиги наамы ыйгарылган.
Ал изилдеген негизги илимий көйгөйлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Башталгыч мектепте адабий окууга үйрөтүүнүн мазмуну жана формалары; башталгыч мектепте адабий окууга үйрөтүүнүн тарыхы жана азыркы учурдагы актуалдуу проблемалары; окуу пландарынын, окуу программаларынын жана окуу китептеринин мазмундук, структуралык табияты; окутуунун жана тарбиялоонун теориясы, практикасы менен инновациялык технологиялары, аларды ЖОЖдо окутуунун көйгөйлөрү ж.б.
Негизги илимий-методикалык эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]
• Башталгыч класстарда эне тилин окутуунун методикасы боюнча методикалык колдонмо.- Жалал-Абад,2000.
- Сөз өстүрүү. Хрестоматия. 2-3-класстын окуучулары үчүн хрестоматия.-Ош,2000.
- 1-4-класстарда сөз өстүрүү, таза жазуу сабактарынын программасы.-Ош,2000.
- Башталгыч класстарда эне тилин окутуунун методикасы.-Жалал-Абад, 2001.
- Эне тили.Окуу-методикалык комплекс.-Жалал-Абад, 2002.
- Эне тили. Лекциялык курс.-Жалал-Абад, 2002.
- Теоретические основы начального образования.-Жалал-Абад, 2003
- .Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана үй-бүлө педагогикасы.-Жалал-Абад,2003.
- Эне тилин окутуунун методикасы боюнча силлабус.-Бишкек, 2005.
- Башталгыч класстарда эне тилин окутуунун теориялык жана практикалык негиздери.Монография. – Бишкек,2006
- .Көркөм сөз керемети.Хрестоматия. -Бишкек, 2006.
- Педагогикалык теориялар, системалар жана технологиялар.Типтүү программа.-Жалал-Абад, 2011
- .Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы, жалпы педагогикалык адистиктер үчүн педагогикалык практиканын программасы. – Жалал-Абад, 2001
- .Башталгыч мектепте эне тилин окутуунун методикасы. Типтүү программа. – Жалал-Абад, 2011
- Башталгыч мектепте адабий окууга үйрөтүүнүн педагогикалык негиздери. Монография. – Бишкек, 2010.
- Башталгыч мектепте эне тилин окутуунун методикасы боюнча окуу курал. Бакалавр боюнча даярдалган студенттер үчүн. – Бишкек, 2017.
- Башталгыч мектепте адабий окууга үйрөтүүнүн методикасы: теориясы жана практикасы. Монография – Бишкек, 2017
Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- 2008-ж. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы.
- 2012-ж. Билим берүүнүн мыктысы.
- 2013-ж. Жалал-Абад мамлекеттик университетине эмгек синирген ишмер.
- 2013-ж. Билим берүүнүн мыктысы.
- 2013-ж.Жалал-Абад мамлекеттик университетине эмгек синирген ишмер.
* 2015-ж. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын ардак грамотасы.
- 2016-ж.Жалал-Абад облустук профсоюзунун билим берүү кызматкерлеринин ардак грамотасы.
- 2018-ж. Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы.
- 2018-ж. Жалал-Абад облустук администрациясынын ардак грамотасы.
- 2020-ж. Кыргыз тили төш белгиси.
- 2023-ж..Жогорку Кенештин Ардак грамотасы.
Техникалык көндүмдөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Microsoft Word 2010, XP, Excel. Офистик жабдуулар (факс, ксеро көчүрмө), интернетте иштөө.