Уркуя Салиева
Уркуя Салиева (1911-жылы төрөлгөн, Беш-Буркан (азыркы Тактек) айылы, Ноокат району, Ош облусу - 4 февралда 1934-жылы каза болгон) - алгачкы кыргыз комсомол кызы, 1928 -жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1934-жылы Кыргыз АССР БАКнын мүчөсү. Уркуя Салиева Борбордук Азиянын мусулман аялдарынын теңдиги үчүн күрөшкөн.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Совет бийлигин чыңдоого катышкан кыргыз кыз-келиндеринин алгачкысы. Ошол мезгилдеги совет бийлигинин идеологиясына ылайык эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшүп, 1928-жылы. октябрда 1-Май айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1932-жылы аймакта алгачкы «Кызыл-Аскер» колхозун уюштурган. Кыргыз АССР БАКтын мүчөсү (1934), 1-Май (Меркит- Мүркүт) айыл кеңешинин (1932-33), «Кызыл- Аскер» колхозунун раиси (1934). Каршылаштары тарабынан мыкаачылык менен өлтурүлгөн. Ал жөнүндө Н. Байтемиров «Тарых эстелиги» аттуу тарыхый-документалдуу романы жазып (1966), анын негизинде «Уркуя» аттуу көркөм фильм (1972) тартылган (режиссёру Т. Океев). Бишкек шаарындагы бир көчөгө ысмы ыйгарылган. Туулуп өскөн айлында эстелик тургузулган.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сулайман Кайыпов "Уркуя" (тарыхый-даректүү-баян)
Элизат Турсунова. Уркуя Салиева. “Кереге” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.10.2011-ж. Archived 2021-09-24 at the Wayback Machine
Абдираим Мамытов Отко Таазим: Уркуя Салиева // Ош шаамы, 17 Октябрь 2016 Archived 2020-08-05 at the Wayback Machine
Аманбек Жапаров. Уркуя Салиеванын көргөзмөсү ачылды. azattyk.org, 26-Октябрь, 2011
Анастасия Карелина — Безымянная Уркуя? Archived 2020-10-21 at the Wayback Machine // Вечерний Бишкек, 10 октября 2018
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
- Бектурганова Күлбүбү Арыковна. Кыргызстандын асыл кыздары. Cyрɵтчyсy А. Касымалиев. – Б.: Мамл. тил ж-а энциклопедия борбору, 2006. 120-122 б. ISBN 9967-14-040-2 // http://www.literatura.kg/uploads/bekturganova_kyrgyzstandyn_asyl_kyzdary.pdf