Стивен Кинг

Википедия дан
Стивен Киң‎»‎ барагынан багытталды)
Стивен Кинг (2007).

Стивен Эдвин Кинг (англ. Stephen Edwin King: 1947-жылы 21-сентябрда туулган) - америкалык коркуу, чындыкка дал келбеген фантастикалуу, белгисиздик, илимий-фантастикалуу жана фэнтези жанрларындагы чыгармалардын автору. Анын китептери 350 миллион копияда сатылган жана алардын көпчүлүгү тасма, кыска сериал, телеберүү жана тамашалуу китептерге адаптацияланган. Кинг 54 роман жазып, алардын жетөөсүн Ричард Бечмен деген ылакап аты менен чыгарган. Ошондой эле жети адабий китеп жазган. Буга кошумчалай ал 200гө жакын кыска аңгемелерди жазган жана алардын көпчүлүгү китеп коллекцияларында топтолгон. Анын чыгармаларындагы көпчүлүк окуялар Мэн штатында орун алган. Дүйнөдөгү эң мыкты тасмалардын бири деп эсептелген "Шоушенктен качуу" тасмасы, Стивен Кингдин "Рита Хейуорт" (англ. Rita Hayworth ) жана "Шоушенктен качуу" (англ. Shawshank Redemption) новеллаларына негизделип тартылган.

Кинг "Брэм Стокер Сыйлыгы", "Дүйнөлүк Фэнтези Сыйлыгы " жана " Британиялык Фэнтези Коомчулугунун Сыйлыгы" сыяктуу сыйлыктарга ээ болгон. Анын "Станцияга карай жол" (англ. The Way Station, 1980) аттуу аңгемеси "Небула" сыйлыгынын аңгеме категориясына көрсөтүлгөн. 2003-жылы, анын Американын адабиятына кошкон чоң салымы үчүн Улуттук Китеп Фонду медал ыйгарган. Ошондой эле анын "Кара кийимчен адам" (англ. The Man in the Black Suit) аңгемеси "О'Генри" сыйлыгын жеңип алган. Буга кошумчалай, ал чыгармачылыгы боюнча адабият жаатына салым кошкондугу үчүн "Дүйнөлүк Фэнтези Сыйлыгы" , "Жашоодогу Жетишкендик"(2004), "Канадалык Китепсатуучуларынын Асоциациясынын Жашоодогу Жетишкендиктери" (2007), Америкалык Детектив Жазуучуларынын (2007) "Грэнд Мастер" сыйлыктарына ээ болгон. 2015-жылы ал Кошмо Штаттардын адабият жаатына кошкон салымы үчүн "Улуттук Искусство Медалы" менен сыйланган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]