Талкуу:Кыргызстандын туусу

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымындагы адам болуп жашоо кыргыздын идеологиясы болуп келген жана болуп кала бермек! Θзүмчүлдүктүн белгиси болгон көп партияларга жана урууларга бөлүнбөй кыргызга Адам-ата калтырып кеткен бир идеологияга гана келишибиз керек, окурман! Манас эпосунун философиясы жана Манас илими адам болуу илиминде камтылып, анын бир эле жагдайы экендигин кыргыз түшүнүшү зарыл. Албетте, Манас илими Теңирчилик илими менен байланышкандыктан кыргыздын адам болуу идеологиясынын өзөгү дагы ал кыргыздарды бириктирүүгө керек. Муну Манасты идеология катарында көтөргөндөр да түшүнүшү керек. Адам болуу идеологиясы болсо ар кандай элдердин жашоо-тиричилигинин баардык жагдайын камтып, баардыгын жөнгө сала турган идеология.

Ал эми Кыргызстанда жашагандар жана дүйнөдөгү башка элдер үчүн дагы системалуу дүйнөтаанымындагы баардыгына системалуу мамиле кылган жаран болуп жашоо алардын идеологиясы болмок. Бул жогоруда айтылган кыргыз идеологиясынын азыркы илимий терминдер менен эле айтылышы. Мындай ойлор илимий чөйрөлөрдө да айтылууда. Мына жалгыз гана ушундай идеология кыргыздарды да жана баардык элдерди ынтымактыкка бириктире ала турган жашоо идеологиясы эмеспи, окурман. Ошентип, кыргыз улуттук идеологиясы кыргыз мамлекеттик идеологиясы боло алат! Түшүнгөндөргө ал дүйнөдөгү адамзат коомунун идеологиясы. Башкаруу системасы элди бириктирген идеологияга негизделиши керек. Ал эми көп партиялуу башкаруу системасы элди бириктирбейт жана мындай системаны түзүп колдонуу элге өтө кымбат да турмак, бөтөнчө кыргызга. Демек, кыргыз таанымы боюнча, ырысты жаратыш үчүн ынтымак керек, ынтымакта болуу үчүн адилеттүүлүк талап кылынат, адилеттүүлүктү камсыз кылыш үчүн акылмандуулук керек, акылмандуулукка жетиш үчүн туура дүйнөтаанымга келүү керек, ал эми ага келиш үчүн объективдүү аң-сезимдин ээси Жараткан экендигин таануу керек. Ошондо, киши болуп төрөлгөн жаран системалуу дүйнөтаанымга келип “адам” атка конмок. Кыргыздын “адам бол” насыяты аткарылмак. Мындай туура дүйнөтаанымдын алгачкы варианты кыргызда гана. Ошондуктан, кайталаймын, «Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымдагы адам болуп жашоо, тиричиликтенүү» кыргыздын идеологиясы болуп келген. Азыркы колдонуудагы дүйнөтааным чала болгондуктан учурдун проблемасы дүйнөтаанымдын жаңы такталган вариантына келүү! Мындай маселени азыркы илимдин өзү да коюда. Түшүнгөндөргө “Кыргызды эрчиш керек” дегендин негизги маңызы ушунда. Ал эми калган себептери жөнүндө Д. Сарыгуловдан артык айта албайсың. Жаңы дүйнөтаанымга келүү менен гана уруктук (рухий) жаңылануу башталмак, себеби, чыныгыраак аң-сезим, б.а. чыныгыраак урук менен туура жашоого жол ачылмак.

Кайталайм, дагы болсо да, кыргыз гана маданиятында анын түшүнүктөрү менен жаран менен дүйнөгө ушундайча так логикалык жагынан бир бүтүмдөй болуп туюнган мүнөздөмө берүүгө мүмкүн! Бул да кыргыздын жана кыргыз тилинин түшүнүктөрүнүн системалуу экендигинин дагы бир белгиси.

Аталган ойлордун негизделиши лингвистикалык, логикалык ыкма менен эле болушу мүмкүн. Себеби, Теңирчиликтин санаты «Кудайды (объективдүү ан-сезимдин ээсин) акыл менен (жүрөк, сөз аркылуу) гана тааныйт» - дейт. Чындыгында, мындан башка илимий айла да жок. Бир генетикалык изилдөөлөр салымын кошушу мүмкүн.

Эми жашоо-өнүгүүнүн туура идеологиясы аныкталгандан кийин мамлекеттик белгилер - желек, герб – ага жараша болушу абзел. Жаңыча жашоо жаңы мамлекеттик белгилер менен гана коштолушу керек! Мен убагында мамлекеттик белгилерди түзүү процессине чала-была катышып, тандалгандарды өкүнүчтүк менен кабыл алдым эле. Эми эл арасында туура эмес кабыл алынгандыгын түшүнгөндөр көбөйгөнгө жараша да, аларды жаңыртуу кыймылы жандана башталды.

Бир убакытта «карангы» делип келген кыргыздын

                    « Дүйнө Жоктон Бар болуп,
                     Туула берет турбайбы.
                     Кайра Бар да Жок болуп, 
                     Кубула берет турбайбы,»

деп айтканын, азыркы илим «туура эмес» деп тана албайт. Мындай чыныгы ой математиканын тилинде 0 = (+ ) + (- ) (же 0 = (+n ) + (-n )) деп берилет. Аны солдон оңго окуганда Жоктон (0) Бар ((+ ) + (- )) жаралаары, оңдон солго окуганда Бар да Жок болоору айтылган. Бар дүйнө чексиз сандагы эки карама-каршылыктардан куралган эмеспи. Алардын теңдиги гана Бар дүйнөнүн гармониясын жаратат! Бул эреже экономикалык өнүгүүдө да сакталышы керек! Биздин өнүгүүдө бул эреже сакталганбы, окурман? Теңирчиликтин ээси болгон кыргыз муну эсине албай карама-каршылыктын биринен (социализмден) экинчисине (капитализмге) секирип кетпедиби. Азыркы кыргызда кишичилик (өзүмчүлдүк) алдым-жуттум акылдуулуктун көптүгүнөн, бирок адамга тийиштүү акылмандуулуктун жоктугунан теңдиктин тийиштүү ченемин таба албады азыркы кыргыз.

Азырынча адабиятта, илимий чөйрөдө Жок дүйнө орусча «энерго-информациоенное поле» деп так эмес аталат. Такталган түшүнүктөрдүн термини менен айтсак, биз, кубат (энергия)-билим (знания) талаасы (кишинин көзүнө көрүнбөгөндөр – кыргызча Жок же кыскача жалпыла айтканда аң-сезим талаасы) менен заттардын (кишинин көзүнө көрүнгөндөрдүн – кыргызча Бардын) биримдигинен куралган чөйрөдө жана алардын бир-бирине өз ара айланышкан дүйнөсүндө эле биз жашап жатабыз.

Ушул эки дүйнөнү (Бар жана Жок дүйнөнү) тең бир бүтүндөй камтып система түрүндө карап, толук чыныгы (б.а. системалуу) билүүлөрдү камсыз кылбагандыктан биздин азыркы илим-билимибиз чала келип, чыныгы системалуу илим-билим эмес болуп гана эсептелет. Ошондуктан, “Современная наука не является единственной формой знаний. Традиционные общества, многие из которых имеют глубокие культурные корни, создали и усовершенствовали свои собственные системы знаний... Они не только таят в себе информацию, которая пока не известна современной науке, но и выражают другие образы жизни в мире, другие взаимоотношения между обществом и природой, другие подходы к приобретению и формированию знаний. Необходимо принять особые меры с целью сохранения и развития этого хрупкого и разнообразного всемирного наследия в условиях глобализации и преобладания единого представления об окружающем мире” (Всемирная конференция по науке для XXI века: новые обязательства. Будапешт, 1999 г.) - деп айтылууда.

Кубат-билим талаасы (Көк асман) баардыгынын башаты! Ал түбөлүктүү! Мындай түбөлүктүү фондо жаран жаралат, өсөт, ишмерденет, өлөт. Мындай фондо Бар дүйнө да жаралат кайра Жок да болот («Чоң жарылуу» физикалык илимий азыркы теория боюнча да ушундай). Дүйнө - бул Жок-Бардын чексиз кайталанмасы. Дүйнөнүн өнүгүүсү - бул цикл (чексиз кайталанма). Башат кайдан экендигинин эрежесин билген жарандын желегинин түсү анда көк болушу тураа эмеспи. Ал эми түшүнбөгөндүкү болсо ар кандай түстө - өзүнүн субъективдүү келген системалуу эмес болгон адашкан билимине, бузулган аң-сезимине жараша болмок и болуп келүүдө.

Кубат (энергия) - билим (знания) талаасынан ( Жоктон-Көктөн ) гана (кыскача объективдүү аң-сезимден гана) накта чыныгы кабарлар (информациялар) жаратылып, алар адамда субъективдүү аң-сезимге айланат эмеспи. Мен субъективдүү аң-сезимдин ээси болсом, Жараткан объективдүү аң-сезимдин ээси. Субъективдүү аң-сезим менен цивилизация курулса, объективдүү аң-сезим менен Бар дүйнө курулууда. Мындай чындыкты илгерки кыргыздар да билген. Ошондуктан, чыныгы кубат-билим (кыскача кыргызча кут) төбөсү ачык Көк асмандан адамга гана берилээрин баяндаган илгерки белги - Теңирчиликтин белгиси - кыргызда гана бар (төмөнкү сүрөттү кара). Сүрөттө 1 - төбөсү ачык Көк асман. 2 - Көктөн адамга түшкөн кут. Кыргызда гана болгон экинчи тилде - анын оюм-чийим тилинде адам ромб түрүндө (3-5) сүрөттөлөт. Сүрөттө түшкөн кут адамда эки карама-каршы түшүнүктөргө, аракеттерге, жыйынтыктарга (3) ажыратылат. Ошондо адамда гана алар (3) тең болушу мүмкүн. Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымы боюнча адамга ал мүнөздү. Ошондуктан сүрөттө бирдей узундукта берилет. Адам Жердеги (7) тиричилигинде мындай теңдештиктерди (5) бирдей кылып (6) алып жүрүшү абзел! Бул да Теңирчиликтин негизги мыйзамы!

 сүрөт            желек

Сайтты кара: : www.university.kg – Публикации - ППС

Ошондо гана Жерде адамгерчиликтүү, келечектүү тиричилик болот, болбосо – жасалма Акыр заманы келет. Азыр биз кишичиликтүү тиричиликтин (адамгерчиликтүү эмес тиричиликтин) кесепетинен Акыр заманда жашоодобуз Калугул-ата айткандай. Ушундай ойдон теңкапталдуу болгон ромб - «адам» кыргыз оюму жаралган. Дагы адамдын мындай тиричилигинин өмүрү Көктөн чектелип берилээри айтылган (4).

Мындай белги кыргыздын көк түстүү (же көк-жашыл түстүү, себеби кыргыз жаңы чыккан чөптү көк деп койгондуктан) жаңы желегинде болушу туура! Мындай белгинин маңызын терең түшүнбөгөндөр азыр аны башкача кылып бурмалашып сүрөттөп «Улутман», «Манас таануу» телеберүүдө колдонулат же Манастын көк желегине башкача тартышып колдонгусу келишет. Мына чала системалуу эмес билим берүүнүн жана билимде болгондун кесепети! Манастын желеги көк болгону талашсыз. Себеби, Манас Көктүн баласы, Иусус сыяктуу.

Жаран аны курчаган чөйрөнүн эрежеси боюнча жашап-тиричиликтениши керек экендиги талашсыз. Эгерде ураан катары кыргыз көтөргөн көк желекте Теңирчиликтин белгиси тартылса, анда ал «дүйнөнүн эрежесин туура түшүнөм жана ошого ылайык киши болбой адам болуп жашаймын, тиричиликтенем» - деген ураан салгандык болбойт беле!