Кэндзо Тангэ

Википедия дан
Тангэ Кэндзо‎»‎ барагынан багытталды)

Тангэ Кэндзо (4. 9. 1913, Япония, Осака, Сакаи – 22. 3. 2005, Токио) – япон архитектору. Архитектуралык билимди Токио университетинен алган (1938). О. кылымдагы япон архитектурасынын ыкмаларын чыгармачылык менен кайра иштеп чыгууга негизделген Хиросима шаарындагы Тынчтык мемориал борбору (1949–56) анын даңкын чыгарды. 1950-60-жылдары Ле Корбюзьенин «жаңы пластицизминен» жана брутализмден таасирленип, образдын олбурлуу күчү, көлөмдүн скульптуралык ачыктыгы менен айырмаланган чыгармаларды (Курасики шаарындагы зал, 1960) жараткан; тепкичтердин бурулушунда чоң аянтчалуу конструкциялардын экспрессиялуу мүмкүнчүлүгүн (Токио шаарындагы «Гимназиум») пайдаланган. 1961-жылы Токиону реконструкциялоонун алкагында Токио булуңунун үстүндө атайын конструкцияларга негизделген шаар түзүүчү долбоорун иштеп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]