Шабданбаев, Токтонаалы

Википедия дан
Токтонаалы Шабданбаев‎»‎ барагынан багытталды)

Токтонаалы Шабданбаев. Кыргыз элинин белгилүү төкмө ырчысы Токтонаалы Шабданбаев 1895 – жылы азыркы Кант районунун Жайылма деген айылында туулган. Шыгы эрте ойгонуп, өз аймагына ырчы катары тааныла баштаган учурда Октябр революциясы жеңип чыгып, совет өкмөтү орнойт. Мына ошондон тартып, ал ыры менен да, иши менен да жаңы заманды активдүү куруучулардын катарына кошулат. Көп жылдар айылда колхоз чарбасында эмгектенген соң, 1935 – жылы Фрунзе шаарына чакырылып, Кыргыз мамлекеттик филармониясында артист болуп иштейт.
Кыргыз искусствосуна сиңирген эмгеги үчүн ага 1958 – жылы Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардактуу наам берилет. Ал ,мгек Кызыл Туу ордени менен жана бир нече медалдар, грамоталар менен сыйланган.
Токтонаалы Шабданбаевдин “Жеңиш ырлары” (1949), “Өчпөс нур” (1951), “Айтыштар” (1962), “Көргөнүм” (1958), “Алтын дарбаза” (1965), “Тандалмалуу чыгармалар” (1969), “Золотые ворота” (1968), “Мекенимди даңктаймын” (1976) деген ыр китептери чыкты. Болочок ырчы Токтонаалынын балалык, өспүрүм, чий мурут жаш кези түйшүктөрдүн астында өттү. Токтонаалынын атасы малга да, башкага да жарды адам экен. “Кедейдин тирүү жүргөнү - жыргаганы эмеспи” деген заманда Токтонаалы турмуштун тепкисинде жүрүп эс тартты. Жаңыдан ат жалын тартып минээринде атасынан ажырады, андан көп өтпөй эркелетип өстүргөн энеси да көз жумду. Ошону мнен томолой жетим калды. Турмушту эрте тааныган сезимтал баланын көөдөнүн ыр тээп, көргөн – билгендерин айыл – апаларга ырдай баштайт:
Жайы, кышы уйку жок,
Жаныма батат тынчы жок,
Айта албаймын эч кимге
Ачылып итче дартымды.
Инилери атамдын
Алып кетет ээ кылбай
Иштеп тапкан акымды.
Көрсөтө албайм адамга
Көздөн аккан жашымды.
Малайлыктан кутулбай,
Бак – таалайым басылды, -
деп зар какшап ырдап жүргөн чагында жакшылыктын жышаанасын угат. Жаңы доордун улуу кабары Ала – Тоо арасына чагылгындай тез тарайт. Жаш ырчынын өнөрү эми ташкындап тышка чыга баштайт. Ал мурда жалаң гана керт башынын кайгы – капасын комузга салып, арман иретинде ырдай коюп жүрсө, эми ошол армандарын жалпы элдин тагдыры менен ьирге байланышта ырдайт. Бара – бара армандын ордуна жаңы замандын жаркыраган жактарына эргийт.
Өксүп жүргөн кезимде
Октябрдын таңы атты.
Жетим, жесир, кедейдин
Эми тынды санаасы.
Эркиндик күнгө ээ болду
Эзилген кедей баласы.
Токтонаалы Шабданбаев ойго сергек жашыраак кезинен эле таалайга жараша кыргыздын белгилүү өнөрпоздору менен айлап – жылдап бирге жүрдү. Отузунчу жылдардын орто ченинен тартып, алар менен филармонияда бирге иштеп көп жагынан тагдырлаш да болду. Муратаалы, Актан, Калык, Саякбай, Карамолдо, Шаршен, Куйручук, Осмонкул, Молдобасан, Алымкул, Адамкалый, Муса, Атайлар менен сахнага бирге чыгып, өз өнөрүн көрсөттү.Кийинчнрээк алардын бардыгына арнап ыр чыгарды.
Пайдаланылган адабият: “Акындар чыгармачылыгынын очерктери”. Фрунзе 1988