Торайгыр

Википедия дан
Тору-Айгыр (суу)‎»‎ барагынан багытталды)

ТорайгырЫсык-Көл өрөөнүндөгү суу. Узундугу 30 км, алабынын аянты 175 км2. Күнгөй Ала-Тоонун батыш бөлүгүнүн түштүк капталдарынан башталып, Торайгыр кыштагынан 2 км түштүгүрөөктө көлгө жетпей соолот. Жалпы узундугу 90 км болгон 22 куймасы бар; ирилери–Түзашуу (10 км), Күүлдөк (13 км), Кызылбулак (13 км). Кар (90 %) жана жамгыр (10 %) сууларынан куралат. Апрель–август айларында кирип, сентябрь–мартта тартылат. Көп жылдык орточо чыгымы 0,83 м3/сек, май айында суусу мол болуп, орточо чыгымы 1,40 м3/сек,январь–марттарда суусу тартыш келип, орточо чыгымы 0,45 м3/секга жетет. Байкалган эң көп чыгымы 44,4 м3/сек. Айрым жылдары кышкысын соолуп калат. Суусу дээрлик сугатка пайдаланылгандыктан, андан 2,30 м3/сек суу өткөрүүчү 3 канал чыгарылган. Боюнда Торайгыр кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]