Ыбырай Туманов

Википедия дан
Туманов, Ыбырай‎»‎ барагынан багытталды)
Ыбырай Туманов

Ыбырай Туманов (1888, Каракол уезди, Ак-Булун айлы —1967, Каракол ш.) — комузчу жана элдик композитор. Кыргыз ССР эл артисти (1951). СССР композиторлор союзуна мүчө.
1936—57-ж. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптык оркестринде иштеген.
Эмгек, тынчтыкка арналган «Кеңеш», «Октябрь өзгөрүшү», «Колхоз куралышы», «Паровоз», «Толкун», «Жүрөгүм», «Улуу той», «Москва», «Жыргал күн», «Тынчтык», «Ала-Тоо» жана башка күүлөрдү чыгарган. Анын чыгармаларында добуш аркылуу сүрөттөө, баяндоо, профессионал музыканын айрым кайрыктарын, татаал ыкмаларын, штрихтерин пайдалануу күчтүү өөрчүгөн.
Ыбырай элдик күүлөрдү жана Токтогул, Айдараалы, Асанаалы, Муратаалы, Карамолдо, Абак, Кайду, Майлыбай жана башкалардын күүлөрүн чебер аткарган.
1936-ж. анын көп күүлөрүн А. Затаевич нотага түшүргөн. Ыбырайдын «Кеңеш», «Жаш тилек», «Жүрөк толкуйт», «Боз салкын» жана башка күүлөрү оркестрлештирилген. «Абышканын арманы», «Жетим баланын арманы», «Серкебайдын арманы» деген кедейчиликтен, оор тагдырдын кесепетинен келип чыккан армандуу күүлөрдү да аткарган.
Залкар комузчу элдин жана абалкы комузчулардын күүлөрүн ыбырайлык ыкмага салып, иштеп чыккан.
Ыбырай күү чыгаруу жагынан башка комузчулардан айырмаланып, ырлардын ыргактарынын обондуулугун улуттук обон чыгаруу менен куюлуштурган.
1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун, кыргыз адабияты менен искусствосунун (1958) он күндүктөрүнө катышкан. 1990-ж. «Күүлөр» деген жыйнагы чыккан.
Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Анын ысмы Каракол музыка окуу жайына берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

мсрпслпмлгпаиштегсшнгмишь

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талант тагдыры: Атактуу комузчу Ыбырай Туманов