Аалы Туткучев

Википедия дан
Туткучев, Аалы‎»‎ барагынан багытталды)
Аалы Туткучев
Негизги маалымат
Толук ысымы

Туткучов Аалы Төлөгөнович

Туулган датасы

9 -декабрь 1983(1983-12-09) (40 жаш)

Туулган жери

Арал айылы, Манас району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР,

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

төкмө акын, ырчы, комузчу

Аспаптары

Комуз

Жанрлары

дастан

Альма-матер

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту

Аалы Туткучев — кыргыздын белгилүү төкмө акыны. КР Эмгек сиңирген артисти (2016)

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аалы Төлөгөнович Туткучев 1983-жылы 9-декабрда Талас облусундагы Манас районунун Арал айылында жарык дүйнөгө келген.

2005-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.

2002-жылы кыргыз маданиятын бир бөлүгү болгон акындардын төкмөчүлүк өнөрүн жандандыруу максатында түзүлгөн“Айтыш” коомдук фондунда кыргыз элинин чыгаан төкмө акындары Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиевден сабак алып, азыркы муундун көрүнүктүү төкмө акындары Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Токтобеков, Элмирбек Иманалиев, Азамат Болгонбаев менен биргеликте акындык өнөрдү улап, кыргыз маданиятында чоң салым кошуп келе жатышат.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ийгиликтери:

2003-жылы Каракол шаарында өткөн “Ысык-Көл жазы” конкурсунда II орунга ээ болгон.

2004-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун Жылдын мыкты студенти наамынын ээси.

2004-жылы Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы өткөргөн “Эмгекчилер күнүнө” арналган Республикалык акындар айтышында катышып II орунду алган.

2005-жылы Бишкек шаарында өткөн Арстанбек Буйлаш уулунун 180 жылдык мааракесине арналган Республикалык төкмө акындар айтышында баш-байгенин ээси.

2005-жылы “Алтын шаты” президенттик стипендиясынын стипендиянты.

2005-жылы “Замандаш” элдик журналынын “Жылдын мыкты өнөрпозу” сыйлыгы, “Агым” гезитинин “Жыл мыктылары” сыйлыгына ээ болгон.

2006-жылы Казак республикасындагы Орал калаасында өткөн “Мухит Мерейли уулунун 165 жылдык мааракесине” арналган Калк аралык акындар айтышында II орун.

2007-жылы. Барскоондо өткөн Кыргыз атына арналган республикалык акындар айтышында I орун.

2008-жылы Бишкек шаарында Кыргызстандын Эгемендик күнүнө арналган Эл аралык акындар айтышында I орун.
2009-жылы Ош шаарында өткөн Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата Кыргыз Республикасынын президентинин байгесине арналып өткөрүлгөн республикалык акындар айтышында Баш байгенин ээси.

Термелеринин тизмеси:

  • “Булгаба ичкен кудукту”
  • “Ак-кайың”

Наамдары. Сыйлыктары.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылы – “Адабият жана музыкалык искусство” тармагындагы жетишкендиктери үчүн Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун алтын медалы менен сыйланган.

2016-жылы- КР Эмгек сиңирген артисти.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]