Узак жол

Википедия дан
Узак Жол‎»‎ барагынан багытталды)
Узак жол
Жазуучу Элебай уулу Мукай
Тили кыргыз
Басмакана Кыргызмамбас
Чыккан жылы 1936
Беттери 138

Мукай бул алгачкы романы менен улуттук прозаны капыстан профессионалдык деңгээлге көтөргөн. «Узак жол» кыргыз адабиятына баяндоонун реалисттик каадасын, кыскалыкты, лаконизмди, речтик мүнөздөмөнүн, социалдык портреттик өнөрүн, адабий мүнөздүн реалисттик чындыгын алып келген.«Узак жолдо» көркөм деталдын эстетикалык мүмкүнчүлүгү жакшы ачылган. «Узак жолдун» маани-мазмуну бир-бирине чиркелишкен көркөм деталдарга, эпизоддорго чөгөрүлгөн. Деталь романда сюжеттик структуранын чордонун ээлеп, стихиялуу пайдаланылган майда-барат түрүндө эмес, образдык жалпылоо, кеңири социалдык картинаны түзүү мүдөөсүн көздөгөн, аң-сезимдүү түрдө атайын колдонулган эстетикалык ыкма, сюжеттик композициялык принцип катары, көркөм система катары жашап турат.

Ал эми романдагы баяндоонун чебердиги, табигыйлыгы, каармандардын жүрүм-турумуна, сюжеттик-окуялардын жүрүшүнө автордук копол кийлигишүүнүн, автордук эркти осол таңуулоонун, куру акыл айтуунун көрүнбөгөндүгү – жазуучунун ийгилиги. «Узак жолдун» эстетикасынын өзгөчөлүктөрү ушундай. Калемгер кыргыз адабиятында «Узак жол» аркылуу алгач жолу идеолог, моралист, публицист катары эмес, эң биринчи иретте сүрөтчү катары көрүнгөн. «Узак жол» окурмандардан белгилүү бир маданий-эстетикалык даярдыкты, окурмандык маданиятты талап кылган чыгарма болгон. «Узак жолдун» адабий техникасы бөлөк болуп, жөнөкөй, көзгө көрүнбөйт. Чыгарманын эч кандай деле көмүскө сыры жок, бардыгына түшүнүктүү жөнөкөй эле баян сыяктанат. Атүгүл кыйла жерлеринде майдаланып узарып кеткендей да көрүнүп кетет. Баарынан да романда баягы эпостогудай эр сайыштар, же ойкуп-кайкыган кызыктырмалуу сюжет, жомоктогудай күтүүсүз чукул бурулуштар, сыйкырдуу өзгөрүүлөр, куюлушкан макал-ылакаптар, чубурган фразеологизмдер, акылдуу корутундулар көрүнбөйт. Кызыл-тазыл декорация жок. “Узак жол” – бир жаш өспүрүм баланын өз башынан өткөндөрүн терип-тепчий, майдалап айтып берген жупуну сыяктуу эле аңгеме дүкөнү. Бирок, ошол аңгеме-дүкөн, ошол тарых буга чейин көнүмүш болбогон башкача почерк, бөлөкчө образдык каражат-ыкмалар, европалык типтеги адабияттын жол-жоболорун карманып ишке ашырылган.

Сюжеттин, композициясынын курулушу, көркөм мүнөздөрдүн сомдолушу да башка. «Узак жол» өзү, мындай алганда, улуттук тарыхтагы улуу трагедияга айланып турат. Бирок, Мукай бул алааматтуу тарыхтын жүрөктү титиреткен драмасын масштабдуу кандуу кагылыш-кармаштар, чоң конфликттер, ири окуялар аркылуу эмес, майда-майда турмуштук кертимдер, кичинекей көркөм «микроэлементтер», жеке пенде тагдырлары аркылуу тартып таштаган. «Узак жол» өзүнө карата салмактуу, чыдамдуу мамилени, үңүлүп ойлонууну, окуунун жай темпин, керек болсо башынан түшүп кайра окууну талап кылат. «Узак жолдон» рахат алыш үчүн текстке «кооздуктун закондорунун» көзү м-н карай билүү, чыгарманын эстетикалык сапатына, «техникасына» баа берип окуй билүү жөндөмдүүлүгү керек. «Узак жолдун» көзгө дароо урунган артыкчылыктарынын бири – жогоруда айтылгандай автордун сөз менен кашкайта сүрөт тарта билгендиги. Көрүнүштү, кырдаалды же бир учурду сүрөттөйбү, же кишинин кебете-кешпирин, жорук-жосунун мүнөздөйбү, аба-ырайын, жаратылышты жазабы, Мукайдын баянын окуганда кадимки кыл калем ээси сүрөтчүнүн сүрөтүн же кинотасманы көрүп жаткандай туюулат. Далил үчүн үч-төрт мүнөздүү мисал келтирип көрөлү. Төмөнкү үзүндүлөргө көңүл буралы: «Бир аздан кийин ай көтөрүлдү. Терезеден тийген айдын шооласы үйдүн ичин жаркыратып жиберди. Тыш тыптынч, үйдүн жанында, жайдак короодогу уйлар эбак жуушап калган, бери четте, арткы буттарын ирээтсиз керип жиберип, эринип, дардайган бир күрөң уй жатат.

Ушул кезде дүйнөдө шырт эткен шыбыш өчүп, Василийдин деңиздеги аралдай жалгыз үйү, толкунсуз көлдө токтогон кемедей каалгып, мемиреп турду». Бул сөздөн бүткөн сүрөттөөлөргө атайы түшүндүрмө, чечмелөө жазып отуруштун кажаты жоктур. Көз алдында жандуу сүрөт, тирүү элес, таамай тартылган кебете, «кармалап көрсө» боло тургандай образдар. Жазуучунун калеми кудум фотообъектив сыяктуу көрүнүштү өз калыбында чап кармаган. Бул сүрөттөрдүн мааниси, көрүнүш жагдайы элестүү, даана берип жаткандыгы м-н эле чектелбейт. Алардын тулкусунда идеялык-образдык маани-маңыз чөгүп жатат. Василий байдын айлуу түндө толкунсуз токтогон кемедей мемиреген үйүнүн ары ичинде, оозгу бөлмөдө мышык, тоок, казга аралашып жалаң таардын үстүндө бүрүшүп жактан жетим баланы биз окурмандар көрүп турабыз. Короодо буттарын иретсиз керип жиберип, эринип, дардайып жаткан күрөң уй байманасы ташып, байлыкка ысуулаган Василий менен кандайдыр ассоциация түзүп турат. Тыштагы мемиреген идиллия ж-а ичтеги киши ордуна саналбай айбанаттарга аралашып жаткан жетимдин абалы өз ара контраст түзүп, пейзаждын ары жагынан драматизмдин илеби уруп турат. Мына ушундай ичине белгилүү бир маани-мазмунду камтыган образдуулукка, көркөм боёкторго ширелген баяндоо «Узак жол» романынын көркөм тулкусуна негизинен мүнөздүү десек жаңылышпайбыз. Чыгармада көпөс Василийге жазуучу атайылап кара боёкту сүртүп жамандабайт деле. Бирок, кыйыр сүрөттөөлөр аркылуу же жетим баланын абалын акырын баяндап жатып эле Василийдин ким экендигин кыйытып билдирип коёт. 20–30-жылдардагы чыгармалардын көпчүлүгүндө терс каармандар адат катары дароо эле тескери эпитеттер м-н сүрөттөлүп, кара боёк менен шыбалып калчу эле. «Узак жолдо» жазуучунун сүрөттөө ыкмасы бөлөкчө. М. Элебаев каармандарга өз атынан түздөн-түз мүнөздөмө берүүдөн мүмкүн болушунча качат. Автор кейишкерлердин айлана-чөйрөгө, кишилерге болгон мамилесин, жорук-жосунун, адат-көнүмүштөрүн, жүрүм-турумун, сүйлөө манерасын объективдүү сүрөттөө аркылуу алардын мүнөзүн рухий турпатын ачууну артык көрөт.

Мына ушундай ыкма менен жазуучу романда Чоңкол, Бала Курман, Мамирмазин, Ыбыке сыяктуу сол каармандардын образын элестүү ачууга жетишкен. Кейипкерлердин образын ачуу үчүн жазуучу алардын өздөрүнө таандык речтик өзгөчөлүгүн эпчилдик менен пайдаланат. Бир боор атасынан жаңы эле айрылганы аз келгенсип, эми чоочун оруска малайлыкка амалсыз жөнөп жаткан жаш баланын ички абалына түшүнүп, бул үчүн айыптуудай сезип, жетимге атайылап көңүл буруп, ага дем бере сүйлөгөнү Бурмаке кемпирдин психологиялык сергектигин айгинелейт. Бурмакенин речи дайыма табигый. Китептин бетинен адабий каарман эмес эле, кыргыздын турмуштагы кадимки тирүү кемпири сүйлөп жаткандай сезилет. Бурмаке катардагы жөнөкөй, карапайым кемпир. Бирок, аябай кенен, адамгерчиликтүү, боорукер, ичинде кылдай арамзалыгы жок айкөл байбиче. Жашоонун ой-чуңкурун, азап-тозогун көрүп, турмушка түшүнүп, керек болсо ага баш ийип, адамдарга байкап, аярлап мамилы жасаган, алды-артын ойлоп акыл м-н жүруп турган, жан дүйнөсү сергек кемпир. Бир чети сентименталдуу, экинчи жатынан кайраттуу да. 1916-жылдагы калктын башына түшкөн кандуу кыяматты жазуучу жоолашкан эки тараптын кырчылдашкан кагылыш-кармаштарын, ири масштабдагы сюжеттерди жана конфликттерди, чоң, массалык окуялардын кеңири панорамасын чагылдыруу аркылуу да көрсөтүшү мүмкүн эле (мис., «Ажал ордуна», «Кандуу жылдардын»). Бирок, тамчыдан күн көрүнөт дегендей, Мукай «Узак жолунда» масштабдуу тарыхый ири окуянын кебетесин кичинекей микрокартина аркылуу да тасырайта көрсөтүп коюуга болорлугун эң жакшы далилдеген. М. Элебаев 1916-жылдагы үркүндүн үрөйдү учурган трагедиялуу жүзүн, падышалык колонизаторлордун кыйынчылыгынын натыйжасын, кытайга качкан элдин кыямат-кайымын элестеткен беш-алты кичине штрих, деталдар м-н гана көз алдыга алып келип койду. Ичине жүрөк түшүргөн чоң алааматты батырган бул беш-алты сүйлөмдү окугандан кийин окурман үчүн 1916-жыл ж-дө мындан ары сөздү узартып, дагы жобурап отуруштун кажети жоктой. Бир үзүм сүрөт бардыгын түшүнүктүү кылгансыйт. Кыскасын айтканда, «Узак жолдо» Мукай Элебаев чыгарманын башынан аягына чейин биздин көз алдыбызга жогорудагыдай ичине «күндү» батырган көркөм «тамчылардын» тизмегин тартат. Ошол көркөм микро дүйнөлөрдүн жыш катарынан акыры бүтүндөй элдин тагдыры көрүнөт. Кичине нерсе аркылуу чоң дүйнөнү көрсөтө билүү өнөрү, муну көркөм чагылтуунун принциби катары чыглык практикада жүзөгө ашыруу ошо 30-жылдардагы кыргыз адабиятында өзүнчө зор эстетикалык жаңылык, Мукайдын сүрөтчүлүк ачылышы болгон. «Узак жол» – адилетсиздикке, теңсиздикке, зордукка, адамды кор кылган жакырчылыкка каршы бунт. «Узак жол» – ылайым баланы ата-энеден айырбасын, бала менен ата-эне дайыма бир болсун, элде, Ата-Журтта тынчтык болсун, кудай тууган жерден ажыратпасын, ар дайым Ала-Тоо болсун, ар дайым Ала-Тоодо токчулук болсун деп үн салып турган чыгарма.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Кыргыз адабияты(энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]