Уитни Хюстон

Википедия дан
Уитни Хүстон‎»‎ барагынан багытталды)

Уитни Элизабет Хүстон (англ. Whitney Elizabeth Houston; 1963-жыл 9-август, АКШ, Нү-Жерси, Нүарк - 2012-жыл 11-февраль, АКШ, Калифорния, Беверли-Хиллз) - америкалык поп, соул жана ритм-энд-блюз ырчысы, актриса, продюсер, фотомодель. Дүйнөлүк музыка тарыхындагы коммерциялык жактан эң ийгиликтүү ырчылардын бири. Музыка жаатындагы жетишкендиктери, вокалдык жөндөмү жана чуулгандуу жеке турмушу менен таанымал.

Хүстон супер жылдыз катары 1992-жылы дүйнөлүк прокатка "Жансакчы" (англ. The Bodyguard) тасмасы чыккандан кийин тааныла баштаган. Мында ал (Кевин Костнер менен бирге) баш ролдордун бирин жана негизги музыкалык бөлүктөрдү аткарган. Тасмадагы «I Will Always Love You» (кырг. "Сени дайыма сүйүп жүрөм") балладасы дүйнөлүк хитке айланып, музыка тарыхындагы эң көп сатылган сингл болуп тим болбостон, "сүйүү гимни" деп атыгып, чоң ийгилик жараткан. 400дөн ашык сыйлыктын лауреаты. Булардын ичинде 7 "Грэмми" сыйлыгы жана 31 Billboard Music Award, 22 American Music Award, 7 Soul Train Music Award, 16 NAACP Image Awards, "Эмми", BET Lifetime Achievement Award сыяктуу үн жаздыруу жана көңүл ачуу индустриясынын көптөгөн сыйлык жана байгелери бар.

Гиннес рекорддор Китебиндеги 2009-жылкы маалыматка ылайык Хүстон эң көп сандагы сыйлыкка ээ артистка болуп саналат (англ. The Most Awarded Female Artist of All Time). Хүстондун рекорд-лейблинин айтымына караганда анын жалпы сатылган үн жазмаларынын саны 170 млн нусканы түзөт. Американын үн жазма компаниялары бирикмесинин версиясы боюнча Хүстон АКШнын коммерциялык жактан эң ийгиликтүү ырчыларынын арасында төртүнчү орунду ээлейт: анын бул өлкөдөгү тастыкталган үн жазмаларынын саны 55 млн бирдикти түзөт. Rolling Stone журналы Хүстонду 100 улуу ырчынын арасына кошкон. Мында ал 34-катарда орун алган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]