Унаа

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Benz Velo — эң биринчи унаалардын бири
1959-жылдын Cadillac модели — XX к. ортосундагы анаалардын бири
Заманбап унаа Volkswagen Scirocco

Унаа, машине, автомобиль — өз кыймылдаткычы менен рельссиз жолдо жүрүүчү машина.

Тарыхы жана түрлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Шамалдын күчү же ичинде отурган адам күчү аркылуу жылып жүрүүчү арабаны жасоого орто кылымдарда эле аракет болгон. Өркүндөтүлгөн «өзү жүргүч арабаны» орус дыйканы механик Л. Шамшуренков жасаган (1752). 1784—91-жылда орус ойлоп чыгаруучусу И. П. Кулибин үч жана торт дөңгөлөктүү «өзү жүргүчтү» курууга далалат кылган. Советтик биринчи унаа 1924-ж. чыгарылган. СССРде 1932-жылдан баштап ГАЗ маркасындагы унаа массалык түрдө чыгарылган. Унаалар колдонулушуна жараша транспорттук, атайын жана спорттук болуп бөлүнөт.

Транспорттук унаа[оңдоо | булагын оңдоо]

Транспорттук унаа жүктөр жана жүргүнчүлөр ташуу үчүн, атайын унаа керектүү жабдуулар менен жабдылып, өрт өчүрүү жана коммуналдык тейлөөлөр үчүн колдонулат.

Спорттук унаа[оңдоо | булагын оңдоо]

Спорттук унаа мелдештерге, ылдамдык рекорддорун коюуга арналат. Транспорттук унаа жеңил, жүк ташуучу унаа жана автобус болуп бөлүнөт.

Жеңил унаа[оңдоо | булагын оңдоо]

Жеңил унаага 2—8 адам отурууга ылайыкталып, жабык (седан жана лимузин), ачык (фаэтон) жана ачылма (кабриолет) кузовдор менен жабдылат. Жүк ташуучу унаага жүк салына турган кузовдор орнотулат, алардын жүк көтөрүмдүүлүгү 0,25—100 т га барабар. Жөлдө жүрүү жөндөмдүүлүгү боюнча унаалар жолдо жүрүүчү, карьердик жана өтүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылган болуп бөлүнөт. Жолдо жүрүүчү унаа унаа жолунун жалпы тармагында пайдаланылат. Өлчөмдөрү чоңойтулган карьерде жүрүүчү унаа атайын жолдордо, мисалы, карьерлерде иштейт. Өтүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылган унаа кыйын шарттарда же жолсуз жерлерде иштөөгө ылайыкталган. Унаа кыймылдаткыч, трансмиссия, жүрүүчү бөлүк, башкаруу механизмдери, электр жабдуулары, кузов жана кабинадан турат. Унаалар кыймылдаткычтарынын түрлөрүнө жараша бензиндик, дизелдик, газ-баллондуу жана газ-генератордуу болуп бөлүнөт.

1-сүрөт. МЗМА-412 карбюратордун кыймылдаткычтын туурасынан кесилиши: 1—картер; г—муунактуу вал; 3—шатун; 4 — поршендин шакекчеси; 5 — поршень; 6 — цилиндрдин блогу; 7 — клапан; 8 — цилиндрдин бөркү; 9 — бөлүштүргүч вал; 10 — коромысло; 11 — карбюратор; 12 — стартёр,

Кыймылдаткычы[оңдоо | булагын оңдоо]

Унаа кыймылдаткычы — унааны кыймылга келтирүүчү механикалык энергиянын булагы болгон атайын кыймылдаткыч.

Унаалар үчүн жылуулук жана электр кыймылдаткычтары колдонулат. Унаа кыймылдаткычынын көпчүлүгү ичинен күймө поршендүү кыймылдаткыч болот да, жумуш процесси төрт жана эки тактылуу болуп, күйүүчү майды от алдыруунун жолу боюнча карбюратордуу жана дизелдик болуп бөлүнөт. Унаа кыймылдаткычы цилиндрлеринин саны жана жайланышы (катарлаш, V түрүндө жана башкалар), клапандарынын орун алышы (жогору же төмөн), цилиндрлеринин жумуш аткарылуучу көлөмү (литражы), муздатылышынын түрү (суу же аба менен), аткарган кызматы жана ушундай сыяктуу боюнча айырмаланат. Азыркы кездеги төрт тактылуу унаа кыймылдаткычы (1, 2-сүрөт) цилиндрлердин блогунан (картери менен) жана бөркүнөн, поршендерден, шатундардан, муунактуу валдан, күүлөндүрүүчү дөңгөлөктөн, бөлүштүргүч валдан жана башкалар турат. Кыймылдаткычтар радиатор, желдеткич, аба жана май чыпкалары, стартёр жана башкалар менен жабдылат. Жеңил жана аз көлөмдүү аккумуляторлорду түзүү шаар ичинде жүргөн унаалардагы ичинен күймө кыймылдаткычтарды электр кыймылдаткычтары менен алмаштырууга мүмкүндүк берет.

ЯМЗ-236 дизелдин туурасынан кесилиши: 1—10 жана 12—мурдагы 1сүрөттөгүдөй; 11 — аба тазалагыч; 13 — түрткүч; 14 — штанга; 15 — форсунка, 16 — жогорку басымдуу насос.

Жүрүү бөлүгү[оңдоо | булагын оңдоо]

Унаанын жүрүү бөлүгү — унаанын бардык механизмдери, кузову орнотулуучу тележканы түзүүчү шасси бөлүктөрүнүн тобу. Унаа жана башкалар рама, асма, алдыцкы жана арткы октордон, дөңгөлөктөрдөн турат. Рамага кузов, кабина, кыймылдаткыч, кыймыл берүүчү куту жана башкалар механизмдер менен түйүндөр орнотулат. Автобустарда, жеңил унаалардын көпчүлүгүндө раманын милдетин кузов аткарат. Өңгүл-дөңгүл жолдо дөңгөлөктөрдүн биринин абалынын өзгөрүшү экинчисине таасирин тийгизбесин үчүн, дөңгөлөктөр рамага өз-өзүнчө асылып бекитилет. Айрым унааларда дискалуу дөңгөлөктөр колдонулат. Алар окко орнотулган күпчөккө бекитилген дискадан, камералуу же камерасыз пневматикалык шиналуу алкактан турат; жүк ташуучу оор унаалардын, автобустардын көпчүлүгүндө түздөн-түз күпчөккө бекитилүүчү алкагы бар дискасыз дөңгөлөктөр орнотулат.

Унаанын рулдук башкаруу системасы.

Рулдук башкаруу системасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Унаанын рулдук башкаруу системасы — унаанын жүрүү багытын өзгөртө турган механизмдердин жана түзүлүштөрдүн системасы. Бул система руль механизминен жана дөңгөлөктөргө бекитилген кыймылга келтиргичтен (привод) турат. Руль механизми дөңгөлөктү буруу үчун аз күч жумшоого, кыймылга келтиргич болсо руль механизминен штурвалдан (1), ага бириктирилген руль валынан (2), валдын учуна бекитилген червяктан (3), ага илинишкен червяк дөцгөлөгүнөн (4) жана анын валына кпйгизилген руль сошкасынан (5), ал эми руль кыймылга келтиргичи узунунан жана туурасынан орнотулган тарткычтардан (6), рычагдардан (7) турат. Штурвалды бурганда, бул механизмдер кыймылды биринен экинчисине өткөрүп, акыры бурулуу цапфалары менен кошо дөңгөлөктү да бурат. Руль механизми червяктуу, бурама-сайлуу, кривошиптүү кыймыл берүү механизмдери менен иштетилет. Унааны башкаруу жеңил болсун үчүн, кыймылга келтиргич механизмге пневматикалык, гидронневматикалык жана гидравликалык күчөткүчтөр орнотулат.

Электр жабдуулары[оңдоо | булагын оңдоо]

Унаанын электр жабдуулары — унаага орнотулган электр приборлору менен аппараттардын тобу. Унаанын электр жабдууларына төмөндөгүлөр кирет: ток булагы (генератор жана аккумулятор батареясы); кыймылдаткычтын цилиндринде күйүүчү аралашманы тутандыруучу от алдыруу системасы; муунактуу валды айландыруучу электр стартерин иштетүүчү система; сырткы жана ички жарык кылуучу приборлордон турган жарык кылуу системасы; сигнал берүү системасы (үн сигналы, бурулууну көрсөткүч, стоп-сигнал); текшерүү приборлору (амперметр, термометр, манометр, күйүүчү майдын децгээлин көрсөткүч жана башкалар) жана унааны башкарууну жеңилдетүүчү электр приборлору (айнек тазалагыч, кузов жылыткыч жана башкалар). Мындан башка да туманда жүрүүгө жардам берүүчү кошумча фаралар орнотулат.

Кузову[оңдоо | булагын оңдоо]

Унаанын кузову — унаанын жүргүнчүлөр, айдоочу отуруучу жана жүктөр же атайын жабдуулар салына турган бөлүгү.

Жеңил унаанын кузову жабык, ачык жана ачылма болуп жасалат. Автобустун кузову көбүнчө жабык болот, анын сыйымдуулугун көбөйтүү үчүн кээде эки кабат кузов орнотулат. Жүк ташуучу унаанын кузову жүк платформасынан жана айдоочунун кабинасынан турат. Жүктү салууга жана түшүрүүгө ыңгайлуу болушу үчүн, платформанын капталдары ачылма болот. Көп жүктү ташууда оодарылма платформалуу унаалар (өзү түшүргүчтөр) кеңири колдонулат. Жүк ташуучу кээ бир унаанын кузову жабык (фургон) түрүндө жасалат. Атайын унаанын кузову жүктүн белгилүү түрүн ташууга ылайыкталат (мисалы, ун, сүт, ңемент ташылуучу ңистерна жана башкалар) же кандайдыр бир жумушту аткаруучу жабдууларды орнотууга арналат.

Асмасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Унаанын асмасы — унаанын окторун анын рамасына же кузовуна байланыштыруучу тетиктердин тобу. Унаанын асмасы байланыштуу жана байланышсыз болушу мүмкүн. Байланыштуу асмада дөңгөлөктөр бири биринө туташ ок менен бириктирилет; байланышсыз асмада ар бир дөңгөлөк рычагдар аркылуу рамага же кузовго айрым өз алдынча туташтырылат. Жалпы алганда, унаанын асмасы багыттоочу түзүлүштөрдөн, серпилгич элементтерден турат. Багыттоочу тузүлүштөр (рычагдар) дөңгөлөктөргө аракет кылган күчтөрдү рамага же кузовго берет. Серпилгич элементтер кузовго же рамага берилген термелүүлөрдү басаңдатат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.