Иоганн Готлиб Фихте

Википедия дан
Фихте, Иоганн Готлиб‎»‎ барагынан багытталды)
Фихте, Иоганн Готлиб


Фихте, Иоганн Готлиб (1762–1814-ж.) – немис философу. Фихте өзүнүн философиялык системасын Канттын духунда түзүүгө умтулган. Анын «ар кандай аянды сынга алуунун тажрыйбасы» деп аталган биринчи эмгеги Канттын жардамы аркылуу жашыруун ат менен жарыяланган. Фихтенын философиясындагы өз вариантын илим окуусу деп атаган. «Илим окуусунда» ал үгүттөгөн практикалык философиядагы башкы милдет адамдын эркиндиги мүмкүн боло турган шарттарды аныктап билүү деп эсептеген.

Философия болсо – бул «илим жөнүндөгү илим», ал бардык илимдер үчүн бирдей болгон түп негиз жоболорду карайт. «Сыный философиянын» башталмасы катарында «Фихте боюча» ойлоочу мен чыгат, бул менден ойломдун бардык мазмунун жана туюм сезимдерди чыгарууга болот. Бүткүл жалпы мен Фихтедей адамдардан тышкы дүйнөлүк дух катарында каралат.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8