Чаткал заказниги

Википедия дан

Чаткал заказниги - Чаткал районунун аймагындагы ботаникалык заказник. Чандалаш капчыгайынын батыш капталында.

Аянты 600 га. Эталон катары алынган орто бийиктеги бадал аралаш өскөн аюу чачтуу талааны коргоо максатында 1975-жылы уюшулган. Андагы өсүмдүктүн 5 түрү (жоогазын, пскем пиязы, Корольков шалфейи, бадам, бийик карындыз) Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6