Турдубек Чокиев

Википедия дан
Чокиев Турдубек Асанович‎»‎ барагынан багытталды)

Чокиев Турдубек Асанович (1. 1. 1952-ж. т., Нарын обл. Ак-Талаа р-ну, Байгенчек айылы) - композитор, обончу.

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2015, «Алтын уя» балдар опереттасы, Г. Эсенгулова менен бирге). Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2020). КР ССРнин Композиторлор союзунун мүчөсү(1987-жылдан), 2009-жылдан бери КРнын Композиторлор союзунун төрагасы.

1975-жылы М. Күрөңкөев атн. Кыргыз мамл. муз. окуу жайын, 1982-жылы Б. Бейшевалиева атн. КМИИни бүтүргөн. 1982-84-ж. КР маданият министрлитиңин алдыңда Респ. окуу-методикалык борборунда адис, 1984-88-ж. Мамл. телерадиокомпаниясында муз. редактор, 1988-91-ж. башкы редактор, 2005-09-ж. КР маданият министрилигинин алдындагы Респ. окуу-методикалык борборунун директору, 2009-жылдан КРдин композиторлор союзунун төрагасы. 1995-жылы «Кербез» аттүу алгачкы муз. гезитти (кийин журналга айланган) негиздеген. Г. Эсенгулова менен бирге орто мектептер үчүн («Бала кербез1», 1998; «Бала кербез-2», 2003; «Бала кербез-3», 2007) хрестоматиялык кошумча окуу китептерин жарыкка чыгарган.

Чокиевдин чыгармалары: «Жаныш-Байыш» операсы, «Алтын уя» балдар опереттасы (Г. Эсенгулова менен бирге), «Бүбүсара» хор жана оркестр үчүн карата, «Каардуу жылдардын каттары» вокалдык-симф. поэма, «Менин айлым» симф. картина, «Эңсеткен жаз» коштоосуз хор үчүн поэма; камералык аспаптык чыгармалар: флейга жана фортепиано үчүн соната; балдар үчүн чыгармалар: хорлор, романстар, ырлар: «Күн менен гүл», «Эне карайт батышты», «Эне жөнүңдө ыр» ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4