Чотурова, Бактыгүл

Википедия дан
Чотурова Бактыгүл‎»‎ барагынан багытталды)

Бактыгүл Чотурова (1955-жылы 29-сентябрда туулган) - заманбап кыргыз акын айымы, журналист, драматург, котормочу.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Кыргыз Республикасынын эл акыны (2021)

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акын Бактыгүл Чотурова Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында 1955-жылы 29-сентябрда туулган.

КМУнун филология факультетин бүтүргөндөн кийин мугалим, 1990-жылдан райондук «Учкун» гезитинде бөлүм башчы,

1996-жылдан КТРдын «Манас» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесинде редактор болду.
1997-жылдан азыркы мезгилге чейин «Кыргыз Туусу» гезитинин бөлүм башчысы болуп иштейт.

Чыгармачыл ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармачылык ишмердүүлүгү 1972-жылдан башталып, ырлары республикалык гезит-журналдарга, альманахтарга, кыргыз поэзиясынын антологиясына жарыяланган.
1989-жылы «Кызыл ат» аттуу алгачкы жыйнагы жарык көргөн.
2003-жылы «Асанкул куудул» китебине түзүүчү автор катары кирген.
Казак элинин таланттуу акыны Шахизада Абдукаримовдун «Көк астындагы каганат» ырлар жыйнагын кыргызчага которгон.
1989-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
2004-жылы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгы ыйгарылган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызыл ат.–Ф.: Кыргызстан, 1989. («Жүрөк толкуну» коллективдүү ырлар жыйнагы.)

Боз торгой: Ырлар. – Б.: Эркин-Тоо, 1998. – 132 б.

Асанкул куудул: Проза. – Б.: Бийиктик, 2003. – 201 б.

Сагыныч: Ырлар.– Б.: Бийиктик, 2004. – 254 б.

Ысык-Көл сүйүүнүн көзүндөй: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2006. – 146 б.

Чокморовго ырдесте: Ырлар – Б.: Бийиктик, 2006. – 35 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Легендарный Иссык-Куль: Стихи /пер. Н.Пустынникова и Т.Осмонова/ – Б.: Бийиктик, 2008. – 165 с.

КОТОРМОЛОРУ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шахизада Абдукаримов. Көк астындагы каганат. Ырлар жыйнагы. – Б., 2003. – б.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]