Чычкан заказниги

Википедия дан

Чычкан заказнигиТоктогул р-нундагы мамл. аңчылык заказниги.

Чоң Чычкан, Күйүкбулак, Корумдусай, Итагар, Арым сууларынын алабында. Аянты 36,0 миң га. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган ак тырмактуу теңиртоо күрөң аюусун, азайып бараткан доңуз, элик, тоо эчки, улар, кекиликтерди коргоо ж-а көбөйтүү максатында 1973-ж. уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2