Иван Шадр

Википедия дан
Шадр Иван Дмитриевич‎»‎ барагынан багытталды)

Шадр Иван Дмитриевич (чын фамилиясы – Иванов) (1887, Курган облусу, Шадринск ш. – 1941, Москва) – советтик скульптор. Екатеринбург көркөм өнөр жай мектебинде Т. Залькалндан (1903-07), Петербург көркөм өнөргө жардам кылуу коомунун сүрөт мектебинде (1907–08), Парижде (1910–11) Э. А. Бурдель, О. Роденден жана Римде (1911–12) билим алган. Орус скульпторлор коомунун мүчөсү (1926-жылдан). Революциячыл романтика, образдарды көтөрүңкү пафос менен жалпылоо, ага социалдык маңыз берүү – Ш-дын чыгармачылыгындагы өзгөчө касиеттин бири (“Кызыл аскер”, “Жумушчу”, “Дыйкан” жана башкалар). 1924-жылдан В. И. Лениндин образын түзүүгө киришкен. Ал түзгөн В. И. Лениндин эстелиги (1927) – Грузиядагы Земо-Авчал ГЭСинин плотинасына коюлган. Монумент өнөрүндөгү Ш-дын чоң ийгилиги – М. Горькийдин эстелиги (коло, 1939, Третьяков галереясы). Ш-дын революциячыл романтикага каныккан чыгармачылыгы советтик скульптурадагы социалдык реализмдин калыптанышында зор роль ойноду. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1952).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]