Шота Руставели

Википедия дан
Ш. Руставели‎»‎ барагынан багытталды)
Шота Руставели
შოთა რუსთაველი
Өлгөн датасы:

шам. 1216

Өлгөн жери:

Иерусалим, Палестина

Жарандыгы:

25px Грузин падышалыгы

Ишмердүүлүгү:

{{{Ишмердүүлүгү}}}

Жанр:

эпикалық поэма

Чыгармаларынын тилдери:

грузин тили

Руставели Шота (12-кылым) — грузин акыны, «Жолборс терисин жамынган баатыр» дастанынын автору. Руставелинин өмүрү жөнүндө маалыматтар аз. Алгачкы Кайра жаралуу доорунун гумандуулук идеяларын алдын ала айткан. Чиркөөлүк-аскеттик моралга карама-каршы болуп, инсандын эркиндигин жарыялаган, таза сүйүүнү, жолдошчулукту, патриоттукту даңазалап, поэзияны («акылмандыктын бир тармагы» катары) жана адам психологиясын терең түшүнө билген. Шарири ыр түзүлүшүнүн баштоочусу жана теңдешсиз устаты. Жаны грузин адабий тилинин негиздөөчүсү. «Жолборс терисин жамынган баатыр» - дүйнөлүк адабияттагы эң көрүнүктүү поэмалардын бири. Руставели бул дастанында сюжеттик каймана ыкмаларды колдонуп, өз доорундагы Грузиянын чын турмушун көркөм сүрөттөгөн. Өз элинин ой-тилегин билдирсе да, дастандын идеялары жалпы адамзаттык мүнөзгө ээ. Кыргыз тилине А. Осмонов тарабынан эркин которулуп, бир нече ирет басылган. Акындын котормосу кыргыз көркөм котормосунун эң мыкты үлгүсү катары анын калыптанышына жана өөрчүшүнө чоң таасир тийгизген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]