Эклектик

Википедия дан
ЭКЛЕКТИК (‎»‎ барагынан багытталды)

Эклектик(гр. eklegein – тандоо) – өзүнүн бир принципке негизденген философиялык системасын түзбөгөн ж-а башка бир философтун көз караштарына кошулбаган, ошол эле учурда ар түрдүү системадан өзү туура деп эсептеген нерселерди алып, аларды кандайдыр бир жыйынтыктуу бүтүндүккө бириктирип, байланыштырган адам.

Эклектицизм соңку грек ж-а александрия философиясында басымдуулук кылган; бул сөз көбүнчө: «оригиналдуу эмес», «чыгармачылык менен эмес» деген өтмө маанилерге да ээ. Бул мааниде искусство тармагындагы эклектицизм ж-дө айтууга болот. Э-терге, атап айтканда Карнеад, Цицерон, Агартуу доорунун философ-жайылтуучулары, В. Кузен кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8