Эволюциянын кайрылбастыгы

Википедия дан
Эволюциянын кайрылбастыгы -‎»‎ барагынан багытталды)
Ихтиозаврлар.

Эволюциянын кайрылбастыгы - организмдердин тарыхый өнүгүүсүнүн законченемдүүлүгү, организмдер мурунку жашоо чөйрөсүнө өтсө да, толугу менен түпкү тегине кайрылбастыгын чагылдырат. Балыктардын тукуму - тетраподалардын жок болуп кеткен бакалоорлору жана сүзгүчтөрү, сууда жашоо образын экинчи ирет өздөштүргөн сойлоочуларда жана сүт эмүүчүлөрдө эч качан калыбына келбейт (ихтиозаврлардын жана кит сымалдардын куйрук сүзгүчү жана калакчасы сырткы көрүнүшү боюнча гана сүзгүчтү элестетет, алар ички түзүлүшү боюнча терең айырмаланышат). Э. к. жөнүндөгү ойду 1893-ж. биринчи жолу Л. Долло иштеп чыккан (Долло закону). Алгачкы түзүлүшүнүн жок дегенде толук эмес калыбына келишин жокко чыгарган Долло формулировкасы өтө эле катуу; аны кээ бир окумуштуулардын улантуусу башталып калган эволюциялык кайра түзүүлөрдү мисалы, органдын экстенсивдик өнүгүүсүн же редукцияны токтотууга мүмкүн эмес деген көзкараштардын калыптанышына алып келген. Азыркы учурда эволюциянын кайрылбастыгы - организмдердин тигил же бул топторунун генотибинде же фенотибинде ишке ашырылган, көптөгөн процесстердин толук кайрылышынын ыктымалсыздыгынан келип чыккан, статистикалык законченемдүүлүктү түшүндүрөт. Э. к-н бир бүтүн организмге тиешелүү кароо туура, себеби кээде, өзгөчө онтогенездин айрым стадияларында тигил же бул формасында сакталып калган кээ бир белгилер экинчи ирет кайталанышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]