Эралиев Закирбек

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Закирбек Эралиев - (1940-жылдын 22-апрелинде Ош облусунун, Лейлек району, Булакбашы айылында туулган - 2010-жылдын 12-июлунда Бишкекте каза болгон) – тарых илимдеринин доктору (1991), профессор (1992). Кыргызстандын тарыхчысы, профессор.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Закирбек Эралиев 1940-жылдын 22-апрелинде Кыргызстандагы Ош облусунун (азыркы Баткен облусунун) Лейлек районуна караштуу Булак-Башы айылында туулган.

Орто мектепти аяктагандан кийин, 1958-1963-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуп, билим алган. 1963-ж. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1963-жылдан мектепте мугалим болуу менен баштаган. Мектепте мугалим, бир аздан соң окуу бөлүмүнүн башчысы, Ош педогогикалык институтунда окутуучу болгон.

КМУнун тарых факультетинин СССРдин тарыхы кафедрасынын аспиранты болуудан башталган илимий-агартуучулук жолунда ал 2010-жылга чейин профессорлук даражага жетип, өмүрүнүн аягына дейре Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасын жетектеп келди.

1973-жылы Закирбек Эралиев тарых илимдеринин кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

1991-жылы СССРдин министрлер Кеңешинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссиянын чечими менен ага тарых илимдеринин доктору деген илимий даража ыйгарылган.

1981-жылы Закирбек Эралиевге доцент, 1993-жылы профессор наамы ыйгарылган.
1969-жылдан КМУнун тарых факультетинде улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы; Тарых, чыгыштаануу факультеттеринин деканы.

2001-жылдан КМУУнун Социалдык илимдер институтунун директору кызматтарын аркалаган.
Жусуп Баласагын атындагы КУУда көптөгөн жылдар бою эмгектенип келген, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Эралиев Закирбек Эралиевич 12-июль күнү 70 жашында Бишкек шаарында дүйнөдөн кайтты.

Илимий-педагогдук ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Анын илимий эмгектери негизинен СССРдин совет доорундагы эл достугу тарыхына жана Борбордук Азия элдеринин тарыхын изилдөөгө багытталган.

200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 10 монография, 20 окуу китептеринин жана окуу-усулдук куралдардын автору, бир канча илимдин докторлорун жана кандидаттарын жетектеген.

Наамдары. Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1998).

Чыгармалары[оңдоо | булагын оңдоо]

Анын 220дан ашуун илимий иштери, 15 монография жана китепчелери, 25-илимий-окуу колдонмолору, 200 илимий макалалары жарык көргөн. Эралиев Закирбектин эмгектери Иранда да басылып чыккан.
Профессор З.Эралиевдин илимий жетекчилиги мечен 9 адам кандидаттык диссертацияларын коргошкон, дагы 5 кандидаттык диссертация даярдалган.
Профессор 3.Эралиев чоң педагог-уюштуруучу. Ал Улуттук университеттин алдындагы "Социалдык илимдер институнунун мүдүрү да болуп иштеген. Бир катар жылдар бою кандидаттык, докторлук диссертацияларды коргоо боюнча атайын Кеңештерде окумуштуу секретарь, мүчө болуп келген.

Ар кайсы өлкөлөрдө болгон илимий-конференцияларга жана симпозиумдарга катышкан: М: 1987-жылы Ташкенте, 1989-жылы Москвада, 1991-жылы Алма-Атада, 1994-98-жылдары Бишкекте, 1993-жылы Тегеранда, 1995-жылы Стамбулда, 2000-жылы Ошто ж.б.

Закирбек Эраливдин орчундуу маселелерди көтөргөн монографиялары:

  • Исторические науки и процессы междунациональных конфликтов. Ош-1999-ж.
  • Жусуп Баласагын.Бишкек-2000-ж.
  • Жусуп Баласагын - кыргыз элинин көрүнүктүү ойчулу. Бишкек-2003-ж.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. Бишкек, 2003.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]