Эсенгулова Гүлмира Шарыпкуловна

Википедия дан
Эсенгулова Гүлмира Шарыпкул кызы‎»‎ барагынан багытталды)

Эсенгулова Гүлмира Шарыпкуловна (28. 2. 1962-ж. т., Нарын обл., Жумгал району, Чаек айылы) - балдар хор дирижёру, композитор, педагог.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995), Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2015, «Алтын уя» балдар опереттасы, Т. Чокиев менен бирге).

М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык мектеп-интернаты (1980), Б. Бейшеналиева атындагы КМИИни (1985) бүткөн. 1985-жылдан өзү уюштурган «Ак шоола» (2 жаштан 18 жашка чейин) балдар хорун жетектейт. Балдар хорун көптөгөн эл аралык конкурстар менен феcтивалдардын (Түркия - 1993, 1994, 2013; Болгария - 1996; Литва - 1997, Россия - 1995, 2005; Казакстан - 1999, 2015; Белоруссия - 2009; Түркмөнстан - 2010, 2012) лауреаты болгон. 1995-ж. КРдин Маданият министрлигинин буйругу менен «Ак шоола» балдар хору «Үлгүлүү бал дар коллективи», «Элдик балдар хору» наамдарына ээ болгон. Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйл. (2010) ээси. Орто мектептериндеги музыка сабактары үчун кошумча хрестоматиялык окуу курал (Т. Чокиев менен бирге): «Бала кербез-1» (1998), «Бала кербез-2» (2003), «Бала кербез-3» (2007) китептери жарыкка чыккан. Э. «Мээрим», «Чыр бала», «Бийлеймин», «Анда неге?» ж. б. балдар үчүн ырлар, ошондой эле «Алтын уя» аттуу кыргыз музыка тарыхындагы алгачкы балдар опереттасынын авторлорунун бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.