Жунус хан

Википедия дан
Юнус хан‎»‎ барагынан багытталды)

Жунус Хан (1415–1487) – 1462–87-ж. Моголстанды бийлеген хан.
Вайс хандын уулу, Эсен-Буканын бир тууганы. Чагатайлар династияcы жаш Юнусту хандыкка көтөрүү иш-аракети ийги- ликсиз аяктаган соң, аны алгач Маверан-нахрдагы Улугбекке, андан соң Персияга алып кетишет. 1456-ж. тимурий султаны Абу Саид Юнусту Моголстанга жөнөткөн, ал жерден Ю. х. Эсен-Бука өлгөндөн кийин (1462) тактыга отурган. 1472-ж. Моголстанда бийликти өз колуна алган. 15-к-дын 60-жылдары Ю.х-дын Фергананы басып алуу аракети ишке ашкан эмес. 15-к-дын 70-жылдары Жетисууга калмак аскер башчысы Амасанчжи тайчжинин аскерлери кирип, Иле дарыясынын жээгинде Ю. х. катуу соккуга учурайт. Ал жерден Сырдарыяга качып, Ташкенден туткунга түшөт. Моголстанга кайтып келгенден кийин, Ю. х. Абу Саиддин балдарынын ортосундагы талаш-тартышка катышып, 1482-ж. өз жер ээликтерине Сайрамды, 1485-ж. Ташкенди кошкон. Бирок анын кол алдындагыларынын көпчүлүгү андан бөлүнүп, Ахмеддин экинчи уулун өз башчысы катары таанышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003