Өзгөчө адам (философия)

Википедия дан
Өзгөчө адам(философия)‎»‎ барагынан багытталды)

Өзгөчө адамЕвропадагы салттуу идеалисттик түшүнүк; рухий жана дене кубаты жагынан кишинин табигый мүмкүнчүлүгүнөн ашып түшкөн, адаттан тышкары өзгөчө сапатка ээ адам. Өзгөчө адам байыркы уламыштарда, мифтерде кудуреттүү күчкө ээ «баатыр», «жарым кудай» (кудай сымал) түрүндө кездешет. Мисалы, эллиндик жана римдик башкаруучулар, стоицизм окуусундагы бардык тарабынан шай келген, кемчилиги жок акылмандар жөнүндөгү доктринаны, ж. б. эскерсек болот.

Өзгөчө адам идеясы өзгөчө христиан дини менен жакындан байланышат. Ортодоксалдык христиан дининде Өзгөчө адам бул – барыдан мурда – Иисус Христос Кайра жаралуу доорунун идеологиясында Өзгөчө адам түшүнүгү үч багытты билдирет: Өзгөчө адам – бул «Теңир сындуу» жана кудуреттүү сүрөткер; Өзгөчө адам сыйкырчы өңдүү табият сырларына бийлик кылат (Фауст өңдүүлөр); Өзгөчө адам – бул чексиз бийликке ээ болуу, догмаларга жана акыл-эс моралына баш ийбеген мыйзам боюнча адамдарды башкаруу, көз жазгыруу (Макиавелли «Өкүмдар» өңдүүлөр).

Немец классиктеринде Өзгөчө адам – бул – «генийлер»; Ницшеде авангардизмдин өкүлдөрү, ренессанста илимий-фантастикалык каарман («Супермен»), ж. б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]