Өсүмдүктөрдүн тиричилик формасы

Википедия дан

Өсүмдүктөрдүн тиричилик формасы (биоморфа, biomorpha) — өсүмдүктөрдүн эвол. өнүгүү мезгилинде жашаган айланачөйрөнүн шарттарынын таасири аркылуу калыптанган морфол. типтери, сырткы көрүнүшү (габитусу). Өсүмдүктөрдүн экол. классификациясынын бирдигин уруулук жакындыгы болбогон, бирок байырлануу структуралары бирдей өсүмдүктөрдүн тобу да (мисалы, кактустар, кээ бир сүт тикендер сабактуу суккуленттер тиричилик формасына тиешелүү) түзөт. Белгилүү бир өсүмдүк түрлөрүнүн тиричилик формасы (дарак, бадал, лиана, жаздык сымал өсүмдүктөр ж. б.) онтогенездин жүрүшүндө да өзгөрөт (мисалы, бир жылдык карагайдын же эмендин көчөтү дарак формасына ээ эмес), ошондуктан тиричилик формалары жөнүндө классификацияда жетилген особдордун жыйындысы гана айтылат. Мындан тышкары бир эле өсүмдүктүн түрү ар кандай шартта башка тиричилик формасына ээ (эмен, карагай, арча ж. б. токой зонасында же тоонун токой алкагында бийик сөңгөктүү дарак, түн. ареалда бадал же бадалча). « Өсүмдүктөрдүн тиричилик формасы » терминин даниялык ботаник Е. Варминг (1884) киргизген. 1965-ж. сов. ботаник Е. М. Лавренко «экобиоморфа» деген терминди өсүмдүктөрдүн морфол. жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен сунуштаган. Азыркы мезгилде өсүмдүктөрдүн тиричилик формасынын көптөгөн классификациялары белгилүү. Өсүмдүктөрдүн тиричилик формасы негизги 5 типке бөлүнөт: фанерофиттер, хамефиттер, гемикриптофиттер, криптофиттер (гео жана гидрофиттер) жана терофиттер. Өсүмдүктөрдүн тиричилик формасынын курамы өсүмдүктөр жамаатташтыгынын экол. шарттарын жана белгилүү бир өсүмдүк топторунун жашоо стратегияларын чагылдырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]