Нөл

Википедия дан
0‎»‎ барагынан багытталды)

Нөл (лат. nullus – эч кандай) ― каалаган санга кошкондо же кемиткенде анын маанисин өзгөртпөй турган сан. Ал «0» символу менен белгиленет. Нөл цифра катары көп орундуу сандардын же ондук бөлчөктөрдүн жазылышында белгилүү бир разряддын бирдигинин жоктугун белгилөө үчүн колдонулат. Ар кандай санды нөлгө же 0дү ар кандай санга көбөйткөндөгү көбөйтүндүсү нөл болот: а . 0=0 же 0 .а=0. Санды нөлгө бөлүүгө мүмкүн эмес. Эгерде эки чыныгы же комплекстүү сандардын көбөйтүндүсү нөл болсо, анда алардын бири нөл болуш керек: ab=0, a=0 же b=0.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]