Baн Эйк Ян

Wikipedia дан

Baн Эйк Ян (1390 же 1385-жылы чен, Маастрихтке жакын 22 же 23.6.1441, Брюгге) нидерланд живописчиси. Нидерландагы Кайра жаралуу искусствосун баштоочулардын бири. 1425-жылдан бургунд герцогу Филипп Добрыйдын аксарай сүрөтчүсү болгон. 1427-жылы Испанияга, 1428-29-жылы Португалияга келген. 1430-жылдан Брюггеде жашаган. Baн Эйктин атактуу чыгармасы «Гент алтары». Чыгарманы живописчи Хуберт баштаган жана 1432-жылы Ян бүтүргөн (Хуберт Яндын улуу агасы, 1420-жылы Гентте иштеген, 1426-жылы өлгөн). «Гент алтары» (1430-32 же 1423-32, Генттеги Түндүк Бавона собору) нидерланд искусствосунун тарыхында жаңы доорду ачкан. Baн Эйктин чыгармачылык бийиктикке жетишине алтардын монумент композициялары («Канцлер Ролендин мадоннасы», 1436-жыл чен, Лувр; «Каноник ван дер Паленин мадоннасы», 1436, Муниципалдык сүрөт галереясы, Брюгге) өбөлгө болгон. Композицияларында пейзаж, интерьер, натюрморт, портреттик сүрөттөр маанилүү орунда. Сүрөттөгү майда бөлүкчөлөр жана бүтүндүк бир-бирине органикалык түрдө байланышкан: архитектуралык бөлүкчөлөр, буюмдардын жайгаштырылышы, гүлдөп жаткан өсүмдүктөр, асыл таштар жана кездемелер, Кудай эненин көркөм кийимдери жана ага табынып жаткан адамдардын келбеттери өтө чеберчилик менен тартылган. Baн Эйк Ян биринчилерден болуп ийкемдүү май живописин жана тунук боёк катмарларын колдонгон. Живопистин бул ыкмасы дүйнөлүк живопистин тарыхында чоң мааниге ээ болгон. В. Э. Европада алгачкылардан болуп портрет жанрында чоң чебер аталган («Тимофей», 1432; «Кызыл баш кийимчен адам», 1433, экөө тең Улуттук галереяда, Лондон; Сүрөтчүнүн жубайы Маргарет ван Эйктин портрети, 1439, Муниципалдык сүрөт гал., Брюгге), Европада алгачкылардан болуп эки кишиден турган портретти тарткан («Жубайлар Арнольфинилердин портрети», 1434, Улуттук гал., Лондон). Baн Эйктин искусствосу нидерландык эле эмес, италян чеберлерине да (Антонелло да Мессина жана башка) таасирин тийгизген.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]