COVID-19

Википедия дан
SARS-CoV-2‎»‎ барагынан багытталды)

COVID-19 – бул катуу кармап, дем алуу тутумун жана ичеги-карын көңдөйүн катуу жабыркатуучу вирустук оору. Коронавирус келип чыгышы боюнча адам эле эмес, башка жандыктардан да жуга турган инфекциялык илдет болуп саналат[1].

Түргө бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам организминде илдет пайда кылуучу коронавирустун бир нече түрлөрү бар. Генетикалык козгогучунун өзгөчөлүгүнө жараша бул вирустар үч түргө бөлүнөт:

  • адамдын вирустары HCoV-226Е;
  • адамдын вирустары HCoV-OC43, ичеги козгогучтары HECoV;
  • коронавирустар SARS-CoV и MERS-CoV;
  • адамдын ротавирустары[2]  HNoV.

Адамга жуккан биринчи жана экинчи топтогу коронавирус оор эмес вирустук инфекцияларды козгоочулар болуп саналышат. Төмөндөгү козгогучтар жукканда оор илдеттерди чакырарын байкоого болот:

  • вирус SARS-Cov адамда типсиз пневмониянын[3]  өнүгүүсүн чакырат же курч кармап, оор өтүүчү дем алуу синдромуна тушуктурат;
  • вирус MERS-CoV курч пневмония жана бөйрөк жетишсиздиги мүнөздүү орто чыгыштык дем алуу синдромуна чакырат;
  • вирус 2019-nCov дем алуудагы дистресс-синдромдун өнүгүшүн чакырат.

COVID-19дун симптомдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эң көп жайылган COVID-19дун белгилерине төмөндөгүлөр кирет:

  • калтыратма (лихорадка);
  • кургак жөтөл;
  • чарчоо.

Кээ бир бейтаптарда кезигип, азыраак жайылган белгилерге төмөндөгүлөр кирет:

  • жытты жана даамды сезбей калуу;
  • мурун бүтүү;
  • конүюнктивит (же көздүн кызаруусу);
  • тамак ооруу;
  • баш оору;
  • булчуңдар менен муундардын оорутуусу;
  • денеге ар түрдүү бүдүрлөрдүн чыгуусу;
  • жүрөк айлануу же кусуу;
  • ич өтүү;
  • чыйрыгуу же баш айлануу[4].

Ооруга байымы жок категориялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иммундук тутуму алсызданган, өнөкөт оорусу бар жашы 60тан жогорку адамдардын коронавируска же сасык тумоого кабылуу тобокелчилиги жогору. Коронавирусту коштогон кандай оору болбосун, бул илдетке чалдыгуу тобокелчилигин жогорулатат.

Коронавирус жуктурган балдар адатта анын билинбеген белгилерин алып жүрүшөт же болбосо, андай белгилер аларда таптакыр билинбейт[5].

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеңил же орто оордуктагы коронавирусту айыктыруу максаты өзүнө симптоматикалык дарылоону камтыйт. Бул үчүн дене табын түшүрүүчү, жөтөлгө жана мурун бүтүүгө каршы дарылар жана башка каражаттар колдонулат.

Коронавирустун фармакотерапиясы:

  • вирустарга каршы дарылар;
  • атайын иммуноглобулиндер;
  • кортикостероиддер.

Кортикостероиддер бейтаптын абалы тездик менен начарлап, оору даана ырбап кеткенде, узак лимфопенияда, кандын кислород менен жабдылышы төмөндөгөндө колдонулат. Оор кабылдап кетүүлөр өөрчүгөндө антибиотиктерди колдонуу жана өпкөнү жасалма дем алдыруу сунушталат. Абалы оор бейтаптарга типсиз пневмония менен ооруп айыккандардын кан плазмасын колдонуу жакшы натыйжаларды берди[6].

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорунун билинер-билинбес белгилери байкалганда үйдөн чыкпоо сунушталат.Айланадагылар көбүрөөк ооруй баштаганда адамдар менен байланышты болушунча чектеп, бир жерге чогулуудан жана адамдар көп топтоло турган жайларга баруудан качуу керек.

Коронавирусту алдын алуу чаралары:

  • коргонуучу жеке каражаттарды тагып жүрүү (беткап); [7]
  • колду тез-тезден жууп туруу;
  • башкалар менен жакын аралыктан байланышууну чектөө;
  • айланадагы иммунитетти бекемдөө (турак-жайдагы температуралык режимди 18-20 градуста сактоо жана андагы зарыл болгон нымдуулукту 40тан 60%га чейин кармоо);
  • жашаган жайды тез-тезден желдетип туруу;
  • жогорку дем алуу жолдорунун былжыр челдерин туздуу суу менен тез-тезден чайкап туруу.[8]

Вакциналоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыр вакцина IMM-101 клиникалык сыналуунун III баскычында турат, ал 1 500 ыктыярдууларда тестирленүүдө. Анын коронавирустан сактай аларын биз 2021-жылы 31-мартта билебиз. BACMUNE вакцинасы да сыноонун III баскычында турат, ал 3 312 адамда тестирленүүдө. Бул вакцинанын вирустан сактай алары 2021-жылы декабрда билинет.[9]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://medikom.ua/ru/koronavirus-simptomy-i-profilaktika/
  2. https://medikom.ua/ru/rotavirus-simptomy-lechenie/
  3. https://medikom.ua/ru/atipichnaya-pnevmoniya-lechenie/
  4. https://www.who.int/ru/emergencies/diseases/novel-coronavirus-2019/question-and-answers-hub/q-a-detail/coronaviruse-disease-covid-19(жеткиликсиз шилтеме)
  5. https://www.terviseamet.ee/ru/chto-takoe-covid-19
  6. Коронавирус: белгилер жана алдын алуу. – кирүү режими: https://medikom.ua/ru/koronavirus-simptomy-i-profilaktika/(жеткиликсиз шилтеме)
  7. https://medikom.ua/ru/dezinfekciya-ot-virusov-sovety-dlya-vas-i-vashego-doma/
  8. https://medikom.ua/ru/koronavirus-simptomy-i-profilaktika/
  9. https://www.znak.com/2020-09-02/kakie_vakciny_ot_covid_19_razrabatyvayutsya_v_rf_i_v_mire_i_mozhno_li_im_doveryat(жеткиликсиз шилтеме)

{{Country data {{{1}}}|Writer icon2|size=}}[[Image:{{{flag alias}}}|border|38x38px|alt=Flag of {{{alias}}}]]Writer icon

  1. https://medikom.ua/ru/koronavirus-simptomy-i-profilaktika/
  2. https://medikom.ua/ru/rotavirus-simptomy-lechenie/
  3. https://medikom.ua/ru/dezinfekciya-ot-virusov-sovety-dlya-vas-i-vashego-doma/
  4. https://www.who.int/ru/emergencies/diseases/novel-coronavirus-2019/question-and-answers-hub/q-a-detail/coronaviruse-disease-covid-19(жеткиликсиз шилтеме)
  5. https://www.terviseamet.ee/ru/chto-takoe-covid-19
  6. https://medikom.ua/ru/koronavirus-simptomy-i-profilaktika/(жеткиликсиз шилтеме) Коронавирус: белгилер жана алдын алуу. – кирүү режими:
  7. https://medikom.ua/ru/dezinfekciya-ot-virusov-sovety-dlya-vas-i-vashego-doma/
  8. https://medikom.ua/ru/koronavirus-simptomy-i-profilaktika/
  9. https://www.znak.com/2020-09-02/kakie_vakciny_ot_covid_19_razrabatyvayutsya_v_rf_i_v_mire_i_mozhno_li_im_doveryat(жеткиликсиз шилтеме)