Unix

Википедия дан
UNIX‎»‎ барагынан багытталды)
UNIX системасынын генеалогиялык схемасы

UNIX - көп колдонуучуну жана көп маселелүү режимди колдогон иштетүү системи. Ал 1970-жылы Бэлл лабораториясынын окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. 1980-жылы мамлекеттик көзөмөлдөн чыккандан кийин, көп компаниялар тарабынан линцензияланып, азыркы учурда ар кандай өлчөмдөгү компьютерлердин көбүндө колдонулат. UNIXтин көп таралышы анын башка иштетүү системдерине караганда артыкчылыгын билгизет. Экинчи артыкчылыгы болуп, көп колдонуучулар чөйрөсүндө көп сандагы иштетүүлөргө кайрылуу мүмкүнчүлүгү эсептелет. UNIX көпчүлүк учурда тармак серверинин, өзгөчө көп процессордуу серверлердин иштетүү системи катары колдонулат. UNIXтин айрым начар жактары дагы бар. UNIX буйрук саптарын колдогон иштетүү системи болгондуктан, анын көп буйруктары програмчылардын эсинде жакшы сакталбайт жана колдонууга кыйын. UNIXтин айрым версиялары графиктик иштетүү чөйрөсүн сунуш кылуу менен бул проблемди чечүүгө көмөк кылууда. UNIXте ошондой эле административ системинин айрым элементтеринин жетишсиздиги сезилет. UNIXтин бир нече версиялары кеңири колдонулат, бирок бири экинчисинен көп айырмаланат жана биринен экинчисине колдонмо програмдарын которуу үчүн програмдарды өзгөртүүгө туура келет.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Linux

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3