Мазмунга өтүү

Колдонуучу:Базар-Коргон жаштар коому

Википедия дан

Базар-Коргон жаштар коому - Базар-Коргон айылында жаштар менен иштөөчү жаштар жана балдар коомдук бирикмеси.


    Базар-Коргон жаштар коому (мындан аары жаштар коому) Базар-Коргон айылында жаштардын потенциалын жогорулатуу, Мамлекеттик жаштар саясатынын өнүктүрүүчү коммерциялык эмес жаштар жана балдар коомдук бирикмеси. Жаштар коомунун көпчүлүк бөлүгүн мектеп окуучулары жана кесиптик лицей студенттери түзөт.

    Жаштар коому алгач аймакта демилгелүү топ катары, «Жаш аракет» долбоору тарабынан түзүлгөн. Башкача айтканда 2019-жылдын март айларынан баштап «Жаш аракет долбоору» ишке кирип, мектеп окуучулары жана жергиликтүү жаштарды курамына алган топ түзүлүп, жалпы саны 8 болгон демилгелүү топ Ош шаарына «Жаш аракет» долбоорунун тренингдерине катыша баштаган.

Демилгелүү топ «Жаш аракет» долбоорунун алкагында бир нече бей өкмөт уюмдар менен да иштешүүгө жетишти. Алсак Орто Азиядагы IDEA уюму, Эл аралык Interbilim уюму, Safer World уюму, Эл аралык толеранттуулук боюнча фонду ж.б.

Демилгелүү топ Жаш аракет долбоорунун негизинде жана андан тышкары бир нече коомдук иш-чараларды өткөрдү.

2019-жылдын аяк ченинде «Жаш аракет» долбоору аяктап демилгелүү топтун ар бир мүчөсү жаштар менен иштөөсү мыкты деп тастыктап, ментор наамын ыйгаруу менен сертификат тапшырды. Ошондой эле Жаш аракет долбооруна катышууда эң мыктылыгын көрсөткөндүгү үчүн кубок жана « Лучшее освещение в СМИ» номинациясын ыйгарды.

    Жаш аракет долбоору аяктап Базар-Коргон демилгелүү тобу өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаштарга жаңы билим берүү максатында коомдук бирикме же жаштар коому болууну көздөдү. Жана бул иш-аракет ин негизинде Базар-Коргон айыл аймагында жаштардын түзүлгөн курам болуп, Базар-Коргон жаштар коому аталды.

     Базар-Коргон жаштар коомунун максаттары: Мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүү, жаштарды тарбиялоо, социалдык жактан калыптандыруу, руханий жана дене тарбия жагынан өнүктүрүү, жаш жарандар өз турмуш жолун тандап алышы, жеке ийгиликке жетиши, өздөрү көтөрүп чыккан коомдук пайдалуу демилгелерди, программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн укуктук, социалдык - экономикалык шарттарды түзүү, өлкөнүн социалдык - экономикалык, саясий жана маданий турмушуна жаштардын жигердүү катышуусун камсыз кылуу.

    Базар-Коргон жаштар коому ишке киргенден баштап жаштар менен байланышты өркүндөтүү үчүн социалдык тармактарда баракчаларды ачып, WhatsApp тайпасы аркылуу жаштарды колдоо кызматын ишке киргизди. Мындан тышкары жаштарды өзүнө тартуу жолун мыкты пайдаланып, социалдык тармактарда 4000 ден ашуун окурман топтоого жетишти.

Базар-Коргон жаштар коому жана жасаган иш-аракеттери

       Базар-Коргон демилгелүү тобу Базар-Коргон айылында долбоордун негизинде бир нече иш-чараларды уюштуруп, жаштар менен байланыш түздү. Алсак 2019-жылы Базар-Коргон айылына караган мектептердин социалдык абалы начар, окууга кызыгуусу жок, ата-энеси же жакын туугандары тарабынан окуусуна каршылыгы бар окуучуларды Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана кесиптик окуу-жайларга экскурсия уюштурду. Экскурсия жаштар үчүн бир топ пайдалуу болду. Демилгелүү топ бул иш-чаранын гранттык негизде өткөрүп, иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар үчүн акысыз транспорт, акысыз тамак-аш менен камсыз кылды. Экскурсиянын негизги максаты Базар-Коргон айылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ички жана сырткы миграциясын жоюу, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө окуу-жайлар тууралуу маалымат берүү жана алардын жогорку билим алуусуна түрткү болуу болду.

       Демилгелүү топ мындан тышкары жаштар арасында мотивация берүүчү жоолугушуларды өткөрүп, Базар-Коргон айылына караган 10 мектептин окуучулары жана спикерлер арасында жоолугушу өткөрдү. Жолугушу N° 30 О. Атабекова атындагы гимназия мектебинде болуп ага мыкты спикерлер чакырылды. Алар: коомдук активист, мамлекеттик салык салуу бөлүмүнүн кызматкери, жаштар менен тыгыз иш алып барган Нуртилек Абдиназаров, Жалал-Абад областтык жаштар кеңешинин төрагасы жана IDEA CA уюмунун аймактык координатору Алмазбек Дүйшөбаев, спортсмен, WFC чемпиону Залкарбек Тагаев жана жеке ишкер Самат Казыгулов. Бул инсандар жаштарга ийгиликтери, жасаган иштери, анын ичиндеги кыйынчылыктары тууралуу айтып берип, патриоттуулук сезимдерин ойготуп, жашоого көз карашын, окууга болгон кызыгуусун өзгөртө алды. Мындан тышкары демилгелүү топ тарабынан «Максат коюу, ийгиликке жетүү» боюнча семинар, тренингдер да орун алды.

       Базар-Коргон айылында Орто Азиядагы билим берүүчү дебат ассоциациясы (IDEA тарабынан дебат оюнунун бет ачары болду. Тактап айтканда Базар-Коргон айылында жаштар арасында «дебат» түшүнүгүн киргизүү менен дебат оюндары өтүп жатты. Бул иш-чаранын негизги максаты жаштарды эки тараптуу чечим кабыл алууга үйрөтүү, коомдук активдүүлүгүн жандыруу, оратордук чеберчилигин өркүндөтүү болуп саналат. Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубоктор, кызыктыруучу белектер, планшеттер жана бир нече номинациялар ыйгарылды.

     Базар-Коргон айыл аймагында жаштар тарабынан изилдөө журуп, анда аныкталган көйгөйлөр чечилип жатты. Анын сап башында «Базар-Коргон айыл аймагында жаштардын кызуугусунун жоктугу жана жаштардын кызуугусуна шарттардын жоктугу» көйгөйүн чечүү үчүн Базар-Коргон айыл аймагында жаштар арасында форум болуп өттү. Форумдун максаты жаштар менен айыл өкмөтүнүн ортосунда байланыш түзүү, жаштардын кызыкчылыктарын коргоо менен алардын көйгөйлөрүн айыл өкмөтүнө жеткирүү. Форумга 50 дөн ашуун жаштар катышуу менен 5 актуалдуу көйгөйлөр алып чыгышып, айыл өкмөтүнүн 2020-жылдык планына сунушталды. Форум Interbilim уюмунун жана Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн каржылоосунда өтүп, активдүү катышуучуларга белектер жана ардак грамоталар ыйгарылды.

Жалпысынан алганда Базар-Коргон айыл аймагында 10 мектеп жана 500 дөн ашуун жаштар жаңы билимге ээ болду. Мындан тышкары Базар-Коргон жаштар коому жаштарга мотивация берүүчү, алардын кызыкчылыгын коргоочу, жаштардын коомдук активдүүлүгүнө жол салган,  жаштардын сүймөнчүлүгүнө айланган бирикме болуп калды.