Колдонуучу:Tynchtykbek

Википедия дан
Тынчтыкбек Жанадылов
Wikipedia:Babel
ky Бул колдонуучунун эне тили Кыргызча.
ru-4 Этот участник владеет русским почти как родным.
en-4 This user speaks English at a near-native level.


Тынчтыкбек Жанадылов 1987-жылы Каракол шаарында туулган. Билим Берүүдөгү Маалымат Технологиялары боюнча адис, тренер. Автор, санарип сүрөтчү жана Билимкени Академиясынын негиздөөчүсү

"Steps to Success" бейөкмөт уюмунда Маалымат Технологиялар адиси болуп эмгектенет. Билимкени Академиясынын негиздөөчүсү. Кыргыз тилиндеги 700 кыргыз тилиндеги видеосабактардын үстүнөн иштеген. "Увидимся в Вашингтоне" китебинин автору. Google мугалими (сертификацияланган).

2004-2010[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010 жылы Кыргыз Россия Славян Университетинин «Эл аралык мамилелер» факультетитин артыкчылык менен бүтүргөн.

2009-2012 ж[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тренингдер боюнча координатор болуп эмгектенген, Кыргыз Республикасындагы АЙРЕКС Өкүлчүлүгү Билим Берүүдөгү Заманбап Технологиялар программасы.

2007-2008 окуу жылдары Америка Кошмо штаттарында Грейсленд университетинде АКШ МамДепартаменттин Глобал ЮГРАД программасы аркылуу окуп келген.

2000-2004 жж[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицейин бүтүргөн. Мектепте окуп жүргөндө Мектеп парламентинин спикери, КВН оюнчусу, Зоопаркты сактоо боюнча экологиялык долбоорлордун автору, Лицейди 3 ирет Сорос фондусунун «Мектеп Парламенти» долбоорунун алкагында өткөн Мектеп аралык мектеп парламенттеринин ассамблеясына катышкан.

Ак-Суу районун мектебине «Мектеп Парламенти» боюнча долбоордун авторунун бири. «Мектеп жана Социалдык Өнөктөштүк» долбоорунун тренери, 2001 жылы Украинада өткөн гендердик билим боюнча конференциянын катышуучусу.

Жеке блогунун дареги