Википедия:Күндүн мыкты макаласы/январь 26, 2012

Википедия дан

Саймачылык - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Эл ичиндеги кездешүүчү адими буюмдарындагы формасы ар кандай, мазмуну терең сайма көчөттөрү бүгүн да көөнөрбөй, чеберлердин чыныгы узундугу жана ашкере таланттуулугун дааналап көрсөтөт. «Энени көрүп, кыз өсөт. Эжени көрүп сиңди өсөт» — дегендей, кыз бала тестиер чагынан тартып жалаң сайма саюу менен алектенүүчү. Бул — тоолуу калкыбыздын турмушунун элестүү белгилеринин бири. Элдик колдонмо-жасалга өнөрүндө негизги орунду ээлеген саймачылыктын өнүгүшүнүн өтө мерчемдүүсү өткөн кылымдарга өзгөчө таандык. Ал эми жыйырманчы кылымдын башынан тартып элибизде саймачылык өнөрү андан бетер кеңири кулач жаят. Элдик өнөрдүн берки көркөм түрлөрүндөй эле саймачылык да элибиздин көчмөңдүү турмуш-тиричилигин, кесибин, калк мүдөөсүн жан дилинен чагылдырып келет. Саймачылыктын элдик санжыргалуу салты абалы — боз үйдүн ичи-сыртын кооздоодо жаралганы чындык. Ал кийиз оюму, чий чырмагы, таар термелери, килем көчөттөрү, тор чачыктары менен кошо боз үйгө улуттук өз алдынчалыкты тартуулап турган. Бул өнөр аркылуу боз үйдүн «эшик тышы» кооздолгон. «Ашкана башын» саймалоо-кештелөө, элибизде адатка айланган. Калганын окуу...