Абидов Абдыкадыр Омарович

Википедия дан

Абидов Абдыкадыр Омарович (1965-ж.туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Кеңеш айылы) техника илимдеринин доктору (2003). Машиналардын динамикасы боюнча адис, ФПИни (1990), КРнын УИАнын Машинатаануу институтунун аспирантурасын (1996) бүтүргөн. КРнын УИАда инженер, улук инженер, илимий кызматкер, Ош технологиялык университетинде окутуучу, «Автомобиль транспорту» кафедрасынын башчысы (2003-жылдан), КРнын Инженердик академиясында башкы окумуштуукатчы болуп иштеген (1996-2003). 40тан ашык илимий эмгеги, 1 монографиясы жарык көргөн. Илимий эмгектери негизинен өзгөрүлмө структурадагы механизмдерди жана алардын негизинде машиналарды жасоого арналган. Эмгектери: Динамика отбойного молотка с ударным механизмом переменной структуры. Б., 2001.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1