Мазмунга өтүү

Айыл банк

Википедия дан
«Айыл Банк» ААК
Түрү

Ачык Акционердик Коому

Негизделген жылы

Декабрь 2006

Башкы мүдүрү

Тилек Алимжанов

Активдери

30 473 106 миң.сом (март 2020)

Таза кирешеси

71 431 миң.сом (март 2020)

Жумушчулардын саны

+1000

Сайты

www.ab.kg

«Айыл Банк» ААК- Кыргызстандагы ири мамлекеттик банк, анын 100% акциясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ээлик кылат[1]. Банк салттуу баардык банктык кызматтарды көрсөтөт. Ага карабай банктын башкы багыты катары айыл чарба тармагын каржылоо болуп саналат. Банк Кыргызстандагы айыл чарба тармагын колдоого багытталган мамлекеттик жана эл аралык долбоорлордун катышуучусу[2].

Банктын негизги инвестициялык донорлору жана шериктештери болуп төмөнкүлөр эсептелет:Дүйнөлүк Банк (Өнүктүрүүнүн Эл аралык Ассоциациасынын долбоорлору: “Айылды каржылоо” жана “Агробизнес жана маркетинг”); Азия Өнүктүрүү Банкы (айыл чарба бөлүмүн өнүктүрүү долбоору);Европалык Кайра куруу жана Өнүктүрүү Банкы (чакан жана орто бизнесин өнүктүрүү долбоору); Кыргызстандагы «Райфайзен» кооперативдерин өнүктүрүү фонду, Кыргызстандагы Банктарды Кайра каржылоонун Адистештирилген Фонду, ПРООН жана башка каржы институттары[2].

Банк 1996-жылы Дүйнөлүк банктын финансылык жана техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы» (КФК) финансылык институту түрүндө түзүлгөн[3]. КФКнын максаты жеке фермерлерге жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө туруктуу насыя берүү болгон. Айыл чарбасын каржылоодо анын маанисин эске алуу менен жана айыл калкына банктык кызматтардын спектрин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн берүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 27-декабрдагы № 43/1 токтому менен 2006-ж., «Айыл Банк» ААКсын түзүү жөнүндө чечим кабыл алган.

«Айыл Банк» өзүнүн тарыхында өлкөнүн элет калкынын олуттуу бөлүгүн насыялык ресурстар менен камсыз кылууда олуттуу ийгиликтерге жетишкен. Учурда "Айыл Банк" - Кыргызстандагы эң алдыңкы универсалдуу банктардын бири.

Калкты насыялоодо географиялык камтууну кеңейтүү боюнча тынымсыз иш алып баруу менен "Айыл Банктын" 37 филиалы, 60 сактык кассасы жана 32 көчмө кассасы, 25 аймактык жана алыскы айылдарда 30 айылдык насыялык бөлүмдөрү бар.

"Айыл Банктын" ишмердүүлүгү CGAP (Жакырчылыкты кыскартуу боюнча консультациялык топ, Дүйнөлүк банк тобу) тарабынан жогору бааланган. Ал 2004-жылы банктын финансылык ишмердүүлүгүн ачыкка чыгаруу практикасын таануу үчүн «Финансылык ачык-айкындуулук үчүн» сыйлыгын тапшырган.

"Microfinanza srl" эл аралык рейтинг агенттиги банкка анын финансылык абалын жана CGAP стандарттарына ылайыктуулугун деталдуу изилдөөнүн (баалоонун) жыйынтыгы боюнча эки жолу "А" рейтингин ыйгарган. Берилген рейтинг "Айыл Банкты" ички жана тышкы факторлордун таасирине туруктуу, финансылык милдеттенмелерди аткарууга жөндөмдүү жана сунушталып жаткан операциялардын сапаты абдан жакшы микронасыя мекеме катары мүнөздөйт.

Төлөм карталары тейлөөсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Финансалык көрсөткүчү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Аралыктагы актвдери Март 2020 жылы — 30 473 106 миң.сом
  • Аралыктагы кирешеси Март 2020 жылы — 71 431 миң.сом
  1. Госбанк Киргизии «Айыл Банк» прекратил обслуживание российских карт «Мир». gazeta.ru. Текшерилген күнү 27 -ноябрь (жетинин айы) 2023.
  2. 2.0 2.1 Айыл банк. akchabar.kg. Текшерилген күнү 27 -ноябрь (жетинин айы) 2023.(жеткиликсиз шилтеме)
  3. Айыл банк. banks.kg. Текшерилген күнү 27 -ноябрь (жетинин айы) 2023.