Ак ниет пайдалануу

Википедия дан

Ак ниет пайдалануу (англ. fair use) - чыгармачыл иштин авторуна мыйзам тарабынан камсыз кылынган бөтөнчө укуктун өзгөчөлүктөрүн жана чектөөлөрүн камтыган АКШдагы укуктук доктрина. Бул доктринага ылайык, автордук укук менен корголгон материалдарды белгилүү шарттарды аткарып, пайдаланууга болот. Fair use термини АКШда гана колдонулат, бирок англосаксон укук системиндеги айрым өлкөлөрдө буга жакын - "чынчыл колдонуу" (fair dealing) термини колдонулат.

Материал "илимдин жана пайдалуу искусстволордун" өнүгүшүнө өбөлгө болуп жатканда ээсинен автордук укук уруксатын албастан ак ниет пайдаланууга жол берилет (8-п. 8-бө., 1-б. АКШ Баш мыйзамы). Бул автордук укуктун объектисин колдонууга расмий лицензия берүүдөн айырмаланат. Ак ниет пайдаланууда автордук укуктагы кээ бир чектөөлөр сөз эркиндигин коргоо зарылдыгы жана АКШ Баш мыйзамынын Биринчи оңдоосуна шилтемелер менен түшүндүрүлөт. Ошентип, бул доктринанын жардамы менен чыгарманын укук ээсинин жана мындай чыгарманын коомдук жана маданий баалуулугуна кызыктар коомдун ортосунда кызыкчылыктардын теңдиги сакталат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]